Жумушчу электр линияларда. Архив

Алты райондо үч күн бою электр кубаты өчөт. "Ош электрдин" тизмеси

3715
Электр энергиясына Кара-Суу, Араван, Өзгөн, Ноокат, Кара-Кулжа, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош, Кызыл-Кыя шаарларында утурумдук чектөө болору айтылды.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызстандын бир нече аймагында бүгүндөн тарта 18-октябрга чейин электр кубаты өчүрүлөт. Бул тууралуу "Ош электр" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Пландаштырылган оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу саат 9:00дөн 18:00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт", — деп айтылган маалыматта.

Электр кубаты төмөнкү шаар, райондордо убактылуу өчүрүлөт:

16-октябрь:

  • Кара-Суу районунун Кайрат, Достук, Манас, Баш-Булак, Каратай, Курбан-Кара, Сары-Колот, Ак-Колот, Бирдик айылдары, Кара-Суу шаарынын Ленин, Пушкин, Нурахунов, Ош, Өзгөн, Токтогул, Нариман, Савай, Энгельс көчөлөрү;
  • Араван районунун Анаров айыл өкмөтү;
  • Өзгөн районунун Кароол, Куршаб, Кызыл-Октябрь, Жалпак-Таш айыл өкмөттөрү;
  • Ош шаарынын Шакиров, Жумабаев көчөлөрү, Масалиев проспекти ("Дом быт", "Аскер кафедрасынын" айланасы), Өзгөн, Бобулов, Курманжан датка, Ленин, Сулайманов, Бөрүбаев, Арзыкулов, Тилеке баатыр, Мажирим тал, Монуев, Баялинов, Аматов, Супаналиев, Шамшиев, Алиев, Алымбеков, Жунусов, Карабаев, Пржевальский көчөлөрү.

17-октябрь:

  • Ноокат районунун Мал базар, Кызыл-Тейит, Жаңы-Ноокат, Бак-Көчө, Тамак, Жаш, Калмак айылдары, Ноокат шаары;
  • Кара-Суу районунун Зарбалик, Мамажан, Большевик, Кашкар-Кыштак айылдары, Кара-Суу шаарынын Ленин, Пушкин, Нурахунов, Ош, Өзгөн көчөлөрү;
  • Баткен районунун Бужум, Жаңы-Жер айылдары, Баткен шаарынын Тамаша, Тоо-Таш, Чек кварталдары;
  • Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтү, Кадамжай шаары;
  • Өзгөн районунун Саламалик, Ак-Жар, Кызыл-Тоо айыл өкмөттөрү.

18-октябрь:

  • Ноокат районунун Тут-Зар, Мундуз, Гулистан, Кызыл-Сай, Айырма, Жаңактаги, Коен, Вахым, Кызыл-Тейит, Беш-Коргон, Тажы-Кыштак, Шакар-Кыштак, Дөң-Кыштак, Дөң-Төбө, Миң-Тамыр, Борбаш, Жийде, Медресе, Жайылма, Додон, Кызыл-Октябрь, Меркит айылдары;
  • Кара-Суу районунун Большевик, Кыргыз-Чек, 222, 223-кварталдар, Ак-Жар, Миялы, Кызыл-Ордо, Эшме, Барак, Кыдырша, Савай, Присавай, Кашкар, Кызыл-Мээнет айылдары;
  • Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа, Кашка-Жол, Кара-Кочкор айыл өкмөттөрү;
  • Кадамжай районунун Көтөрмө, Орозбеков айыл өкмөттөрү, Кадамжай шаары;
  • Кызыл-Кыя шаарынын Набережная, Орто-Кыштак, Сухой-Сай, Беш-Капа, Жаштык, Тынчтык, Кулатов, Тешик-Арык, Свердлов, Хрипченко көчөлөрү;
  • Өзгөн районунун Дөң-Булак, Мырзаке, Алтын-Булак айыл өкмөттөрү, Өзгөн шаарынын Гагарин, Кошиев, Ленин көчөлөрү;
  • Ош шаарынын Масалиев проспекти, Шакиров, Жумабаев, Турсунбаев, Ашимахунов көчөлөрү, Амир-Тимур кичи шаарчасы, Тээке, Озгур айылдары, Коргон участкасы;
  • Саат 09:00дөн 12:00гө чейин: Ош шаарынын Раззаков, Авиценна, Моторная, Артыков, Мирзаев, Юбилейная, Курчатов, Абдувалиев, Закиров, Мамытов, Кабылов, Юнусов, Саргачаев (Тубсанаторийдин айланасы) көчөлөрү, Аэропорт кичи шаарчасы, Арипжан айылы;
  • Саат 14:00дөн 17:00гө чейин: Ош шаарынын Ишматов, Латипжанов, Мушкетов, Набережная, Төлөнов, Бөкөнбаев, Пичугин, Луначарский, Фурманов, Космодемьянская, Резиденция №1,2,3,4,5,6,7,8,9, Ленин, Ибраимов, Сүйүнбаев, Садырбаев, Кочебаев көчөлөрү.

"Ош электр" ишканасы убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн электр кубатын колдонуучулардан кечирим сураган.

3715
Белгилер:
Кыргызстан, Ош облусу, Кара-Суу району, Ноокат, Өзгөн, Кара-Кулжа, Ош шаары, 'Ош электр' ишканасы, электр кубаты, жарык өчүрүү
Тема боюнча
Тажикстандан электр кубатын алып жатабыз, үнөмдөгүлө! Министрдин өтүнүчү видеодо
Башкы прокуратура. Архив

Башкы прокуратура Жээнбеков менен Зулпукаров канткенде абактан чыгарын айтты  

137
(жаңыланган 22:26 07.12.2021)
Башкы көзөмөл органы мындан аркы кадамдар парламенттин чыгарган чечимине жараша болорун белгилеп жатат.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакыт Жетигеновду жоопко тартуу сунушу тууралуу түшүндүрмө берди.

Башкы көзөмөл органынын маалыматына ылайык, парламент макулдук берген учурда аталган депутаттар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ал эми макулдук берүүдөн баш тартса, алардын камактан бошотулушуна негиз болот. Депутаттык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин иш өндүрүштөн убактылуу токтотулат.

“Жогорку Кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында башкы прокурордун сунуштамаларын карап, добуш берүү жолу менен депутаттарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү же баш тартуу чечимин кабыл алат. Демек, кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим Жогорку Кеңештин корутундусунун негизинде каралат”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ноябрдын аягында башкы прокурор Курманкул Зулушев үч эл өкүлүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган.

Натыйжада анын сунуштамасын кароо үчүн жети депутаттан турган комиссия түзүлдү.

Жээнбеков менен Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.

Ал эми Бакыт Жетигенов бийликти басып алууга белсенген деген шек менен шайлоонун алдында кармалган.

137
Белгилер:
Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Башкы прокуратура, чечим, абак
Тема боюнча
Абакта отурган Жээнбеков менен Зулпукаровдун кандай байлыгы бар
ПЦР-тест тапшырып жаткан адам. Архив

Россия ПЦР-тесттин жарактуу мөөнөтүн кыскартты. Кыргызстандыктарга таасир этеби? 

87
(жаңыланган 21:48 07.12.2021)
Мындай чечим коронавирустун өтө жугуштуу "омикрон" штаммы жайылып жатканына байланыштуу кабыл алынган.  

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Россияда коронавируска каршы тапшырылган ПЦР-тесттин жарактуу мөөнөтү 72 сааттан 48 саатка чейин кыскартылды. Бул тууралуу РИА Новости Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Поповага таянуу менен билдирди.

Мындай чечим коронавирустун өтө жугуштуу "омикрон" штаммы жайылып жатканына байланыштуу кабыл алынган.  

Ошондой эле Попова Россияда колдонулуп жаткан ПЦР-тесттердин баары "омикрон" штаммын жугузгандарды дагы аныктай аларын белгилеген.

Эскерте кетсек, учурда Россияга бара жаткан кыргызстандыктар милдеттүү түрдө 72 сааттан кечиктирбей ПЦР-тест тапшырып, терс жыйынтыгын көрсөткөн сертификат менен кетишет. Демек, изилдөөнүн жыйынтыгынын жарактуу мөөнөтү дагы 24 саатка кыскарат.

87
Белгилер:
ПЦР-тест, Россия, кыскартуу, 'омикрон' штаммы
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
"Спутник V" вакцинасы "омикрондон" канчалык коргой аларын дарыгер айтып берди
Казакстан өлкөгө кирүү эрежесин катаалдаштырып, чектөө киргизет
АКШ долларлары. Архив

Улуттук банк бүгүн 71,3 млн. доллар сатып, дагы бир рекорд жаратты    

0
(жаңыланган 22:34 07.12.2021)
Мурунку рекорд эки жума мурун катталган. Анда башкы финансылык ведомство 70,3 миллион долларлык интервенция жасаган.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Улуттук банк бүгүн, 7-декабрда, валюта рыногуна 71,3 миллион доллар сатты. 

Бул 2010-жылдан бери жүргүзүлгөн эң ири интервенция (андан мурунку жылдарга карата маалымат ачык булактарда жок).

Буга чейинки рекорддук көрсөткүч 23-ноябрда катталып, 70,3 миллион доллар сатылган болчу.

Ушуну менен быйылкы жылдын эсебинен 14 жолу интервенция жасалды. Бул аралыкта сатылган доллардын суммасы 633 миллионго жетти. Улуттук банк 24-ноябрда накталай түрүндө дагы 38 миллион доллар саткан.

0
Белгилер:
Улуттук банк, интервенция, доллар, сатуу
Тема боюнча
Улуттук банк ноябрда сомдун курсун кармап туруш үчүн канча акча коротту
Президент салыктан бошоткон ишканаларга беш талап койду. Тизме