Эртеңден тарта Бишкектин айрым жерлеринде 5 күнгө газ өчүрүлөт

© AP Photo / Joerg SarbachГаз оту. Архив
Газ оту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2021
Жазылуу
Буга Рухий-Мурас жаңы конушуна газ киргизүү иштери себеп болууда. "Газпром Кыргызстан" компаниясы ыңгайсыздык үчүн абоненттерден кечирим сураган.
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын айрым райондорунда 5 күн, тактап айтканда, 18-22-октябрда газ өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.
Буга Рухий-Мурас жаңы конушуна газ киргизүү иштери себеп болууда. Мындан улам төмөндөгү аймактарда жана мекемелерде газ болбойт:
  • Путепроводная көчөсү — Чыгыш Чоң Чүй каналы;
  • Виноградная — Ауэзов көчөлөрү;
  • Туңгуч кичи району;
  • Алтын-Ордо конушу;
  • REEMTSMA ЖЧКсы;
  • "Алтын-Ажыдаар" ЖЧКсы;
  • Курулуш материалдар комбинаты;
  • "Жанар" ЖЧКсы.
"Газпром Кыргызстан" компаниясы ыңгайсыздык үчүн абоненттерден кечирим сурайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0