Аялдар кесиптешин, ал эми эркектер жетекчисин көрө албайт. Сурамжылоо

© Фото / Pixabay / Ivan RadicБоли в спине
Боли в спине - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2021
Жазылуу
Кесиптешинин командировкалап жүргөнүнө, ал тургай эмгек өргүүгө чыгып бара жатканына ичи күйгөндөр да кездешкен.
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Россияда өткөн сурамжылоо аялдар бирге иштегендерди, ал эми эркектер жетекчисин көрө албастыгын көрсөткөн. Бул туурасында РИА Новости "Работа.ру" изилдөө кызматы жарыялаган маалыматтарга таянып билдирген.
Сурамжылоодо россиялыктардын арбыны бирге иштешкендерге, жетекчисине деле суктанып, ичи күйбөй тургандыгы, бирок алардын арасында баары бир ичи тарыган сезимге алдыргандар болору жазылган.
"Тогуз аймактын жетөөсүндөгү респонденттер жумуштагыларына да, начальнигине да ич күйдүлүк менен карабай тургандыгын айтып беришкен. Бирок муну менен катар эле көрө албагандар аялдардын (78 пайыз) да, эркектердин (76 пайыз) да арасында кезиккени айтылган. Жалпысынан адистер өлкөнүн ар кыл жеринен 10 миңге чукул адамды сурамжылоого алышкан", — деп айтылат маалыматта.
Сурамжылоого катышкан ар бир алтынчы россиялык (16 пайызы) өзүнүн жетекчисин көрө албайт экен. Эркектер арасында бул көрсөткүч 18 пайызды, ал эми аялдар арасында 15 пайызды түзгөн. Жумуштагыларга жогорудагыдай сезим менен карагандар изилдөөдө жети пайыз деп көрсөтүлгөн. Эркектерге (алты пайыз ) караганда кыз-келиндер көбүрөөк (7 пайыз) "суктанат" экен.
Психолог, педагогика илимдеринин кандидаты Кадиян Бообекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2019
Радио
Бообекова: көрө албастык — психологиялык оору
Россиялыктардын негизинен көп айлык алгандарга "кайдыгер карашпай" турганы белгилүү болду, бул туурасында респонденттердин 82 пайызы айтып беришкен. Алардын 30 пайызы коллегасынын иштеги жакшы шартына аны менен кошо кубанбайт. Дагы 29 пайызы ыңгайлуу график менен иштегендерди, 27 пайызы кызматын көрө албайт. Суражмылоого алынгандардын ар бир төртүнчүсү (25 пайызы) башкалардын аралыктан иштеп жатканына көз артары белгилүү болгон.
Респонденттердин 23 пайызы бирге иштегендердин акчалай сыйлык алганына жини келсе, 21 пайызы кызыктуу долбоор менен иштеп жатканына "башкача" көз карашта болот экен. Сурамжылоого алынгандардын арасында иши аздарга жана андан сырткары командировкалап жүргөндөргө да кабак алдынан карагандар чыккан. Булар 17 пайызды түзгөн. Ал эми жумуштагы кесиптешинин эмгек өргүүгө чыгып бара жаткандарга ичи өрттөнгөндөр 16 пайыз болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0