Россиядан ата-энесинин кароосунан ажыраган 7 бөбөк алып келинди

© Sputnik / Мигель КанделаСитуация в Гонконге в связи с коронавирусом
Ситуация в Гонконге в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2021
Жазылуу
Жашы жете электерди Кыргызстанга алып келүү иштерин Кыргызстандын Москвада жайгашкан элчилиги жана ТИМ аткарды. Министрликтен эгерде балдарды биологиялык үй-бүлөсүнө жайгаштырууга мүмкүн болбосо, асырап алууга берүү маселеси караларын айтышты.
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Россиядан Кыргызстанга ата-энесинин кароосунан калган жашы жете элек жети баланы алып келишти. Бул туурасында КРдин Эмгек, социалдык жактан коргоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Аларды алып келүү ишин Москвадагы элчилик менен Тышкы иштер министрлиги уюштурду.
"Министрлик социалдык жактан коргоо боюнча райондук башкармалыктар менен балдарды биологиялык үй-бүлөсү менен кошуу иштерин аткармакчы", — деп айтылат маалыматта.
Эгерде алардын биологиялык бүлөсүнө жайгаштырууга мүмкүн болбосо, асырап алууга берүү маселеси караларын айтышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0