Иш бүтө элек. Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү эртең да жабык болот

© Sputnik / Акылбек БатырбековРемонт улицы Льва Толстого в Бишкеке
Ремонт улицы Льва Толстого в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2021
Жазылуу
Жол бүгүн ачылышы керек болчу. Бирок мэрия автоунаалардын көптүгүнөн улам жолду жабуу көп убакытты талап кылганын жана иш дагы көп экенин айтты.
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү дагы бир күн жабык болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Муниципалитет буга чейин Лев Толстой көчөсүнүн 7-апрелден Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгү 14-октябрдан 17-октябрга чейин жабыларын айткан. Көчөдөгү кыймыл жолдогу кемчиликтерди жоюу үчүн убактылуу токтотулган. 
© пресс-служба мэрии города Бишкек Лев Толстой көчөсүндө болуп аткан оңдоо иштери
Ремонт улицы Льва Толстого в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Лев Толстой көчөсүндө болуп аткан оңдоо иштери
"14-октябрда автоунаалардын көптүгүнөн улам жолду жабуу узак убакытты талап кылган. Ошондой эле иштин көптүгүнөн жумуш бүтпөй жатат", — деп айтылат маалыматта.
Муниципалитет ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, айдоочулардан каттамды алдын ала пландап алууну өтүндү.
Лев Толстой көчөсү 2020-жылдын октябрь айында реконструкцияланган. Бирок кепилдик мөөнөтү бүтө электигине байланыштуу подрядчы компания аны өз эсебинен кайра оңдоп берет.
Жаңылыктар түрмөгү
0