Бишкектин бир районунда 4 күнгө газ өчөт. Себеби

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүГаз жабдууларын текшерүү. Архив
Газ жабдууларын текшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2021
Жазылуу
"Газпром" ишканасы оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу газ берүү токтотуларын айтып, ыңгайсыздыктар үчүн тургундардын кечирим сурады.
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Бишкектин Жал кичи районунун жогорку бөлүгүнө 18-октябрдан 22-октябрга чейин газ берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ишкана мунун себебин "Жал 29" от казанын жаратылыш газына кошуу боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгы менен байланыштырды.
"Газпром Кыргызстан" компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, аталган убакыт аралыгында энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну сунуштады.
Жаңылыктар түрмөгү
0