1 207 киши Кыргызстандын жарандыгын алды. Көбү этникалык кыргыздар

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстан паспорту. Архив
Кыргызстан паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Жазылуу
Мындан сырткары, 53 киши Кыргызстандын жарандыгынан чыккан. Анын 45и чоңдор, сегизи балдар экени маалым болду.
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгаруу боюнча жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы үч жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 1 207 киши (820сы чоңдор, 387си балдар) Кыргызстандын жарандыгын алган. Алардын көбү этникалык кыргыздар экени айтылды. Мындан сырткары, 53 адам кыргыз жарандыгынан чыккан. Анын 45и чоңдор болсо, сегизи балдар.
Жарандык алгандардын жана андан чыккандардын тизмесин президенттин сайтынан табууга болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0