Организмди токсинден тазалоо үчүн эмне жеш керек? Адистин кеңеши

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүБазардагы жашылча. Архив
Базардагы жашылча. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
Жазылуу
Организмге жашылчалар жетиштүү көлөмдө клетчатка берет. Ал эми клетчатка токсиндерди чыгарууга чоң көмөкчү.
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Эндокринолог жана диетолог Анастасия Тараско РИА Новостиге организмди токсинден тазалоого кайсы азыктар жардам берерин айтты.
Адис үч маал тамактанган учурда ортодон таза суу же чөп чай ичип туруу маанилүү экенин белгилеген. Ошондой эле кумшекер кошулган суусундуктардан баш тартууну сунуштаган.
"Рационду негизинен жашылчалар түзүшү керек. Организмге дал ошол жашылчалар жетиштүү көлөмдө клетчатка берет. Ал эми клетчатка токсиндерди чыгарууга чоң көмөкчү. Мындан сырткары, жашылча-жемиш витамин менен минералга бай", — деген адис.
Диетолог ар кандай кошулмалар, ачытылган капуста, кычкыл сүт азыктары да шлактан арылууга көмөк көрсөтөрүн белгилеген. Кадимки сарымсак вируска каршы туруп, иммунитетти эле бекемдебестен, боордун иштөөсүнө жардам берери кошумчаланды. Ушул сыяктуу организмден токсин менен шлакты бөлүп чыгара турган азыктардын катарында кызылча, спаржа, жумуртка дагы бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0