Витамин жетпей... Эт жеп көнгөн киши андан баш тартса эмне болот

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүБазарда эт сатуу. Архив
Базарда эт сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
Жазылуу
Дарыгердин пикиринде, организмге мал этинен алынган белок барбай калса D, В12 витаминдери тартыш боло баштайт. Кесепети инсульт илдетине алып келиши мүмкүн.
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Эт жеп жүргөн адам андан толугу менен баш тартып койсо организм кандай зыян тарта турганын диетолог Ольга Чунтова РИА Новости агенттигине айтып берди.
Дарыгердин пикиринде, организмге мал этинен алынган белок барбай калса D, В12 витаминдери тартыш боло баштайт. Кесепети инсульт илдетине алып келиши мүмкүн. Ошондой эле омега-3, креатин, холестерин, йод, фосфор жана кальций жетишсиз болуп калат.
"Мындан улам гормондор системасы бузулат. Чач түшөт, сөөк менен тырмактар морт боло баштайт. Аз кандуулук пайда болуп, натыйжада кишинин тукум улоо функциясы жапа чегет", — деди Чунтова.
Ал эми эт жебей жашайм деп чечим кабыл алгандарга адис рационунан чай менен кофени чийип салууну сунуштайт. Анткени бул экөө тең организмге темирдин сиңишине тоскоолдук кылат.
Ошондой эле этсиз жашоонун алгачкы этабында С витаминине бай азыктарды, жумуртка, жаңгакты көп жеш кректиги айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0