COVID: 103 адам ооруп, үч киши көз жумду. 20-октябрдын маалыматы

© AP Photo / Natacha PisarenkoМедициналык кызматкер бейтап менен ооруканада. Архив
Медициналык кызматкер бейтап менен ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
Жазылуу
Буга чейин бир нече күн катары менен COVID-19дан күнүнө эки адамдан каза тапканы маалымдалып келе жатса, бүгүн алардын саны үчкө чыкты. Ооругандар да кескин көбөйгөн.
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Өткөн суткада 103 адамдан коронавирус табылып, илдет үч бейтаптын өмүрүн алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Ал эми ооруну жеңип, аман-эсен айыгып кеткендердин саны 49 адам болду.
Коронавирус төмөнкү аймактарда катталды:
  • Бишкек – 47;
  • Чүй облусу – 24;
  • Ош облусу – 4;
  • Талас облусу - 4;
  • Нарын облусу - 1;
  • Ысык-Көл облусу – 10;
  • Жалал-Абад облусу – 10;
  • Баткен облусу – 3.
"Соңку суткада үч бейтап каза тапты. Алар коронавируска каршы вакцина албаган жарандар болгон", — деп айтылат маалыматта.
Акыркы маалыматтарды кошкондо илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 2 641ге жетти. Дарт пайда болгондон тарта 180 109 киши ооруну жуктуруп, алардын ичинен айыгып кеткендер 174 815 адам болду.
Азыркы тапта стационарда 604, ал эми амбулатордук шартта 542 бейтаптын дарыланып жатканы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0