"Кызыл зонада" иштеген медиктерге эки ай үчүн компенсация төлөнө баштады

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКызыл зонада иштеген медик. Архив
Кызыл зонада иштеген медик. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
Жазылуу
Август айы үчүн жалпы жонунан 186 миллион 314 миң 965 сом бөлүнсө, сентябрда иштегендерге 71 миллион 844 миң 401 сом төлөндү.
БИШКЕК, 20-окт. – Sputnik. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) 20-октябрдан тарта "кызыл зонада" иштеген дарыгерлердин август жана сентябрь айы үчүн компенсациясын төлөп бере баштады. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.
Маалыматка караганда, ММКФ жалпы жонунан август үчүн 186 миллион 314 миң 965 сом бөлгөн.
"Саламаттык сактоо уюмунун 14 773 кызматкерине компенсация төлөндү. Алардын 6 246сы дарыгер, 4 491сы орто жана 1884и кенже медкызматкерлер. Дагы 2 152си түрдүү багыттагы адистер", — деп айтылат маалыматта.
Ай сайын төлөнчү компенсациянын республика боюнча бөлүштүрүлүшү:
  • Бишкек (COVID менен күрөшкөн 9 355 медкызматкер) — 83 282 365 сом;
  • Чүй облусу (1 332 медкызматкер) — 31 883 464 сом;
  • Ош облусу (1 152 медкызматер) — 18 913 770 сом;
  • Баткен (394 медкызматкер) — 6 731 724 сом;
  • Жалал-Абад облусу (878 медкызматкер) — 16 882 742 сом;
  • Ысык-Көл облусу (919 медкызматкер) — 16 945 530 сом;
  • Нарын облусу (469 медкызматкер) — 5 888 409 сом;
  • Талас облусу (274 кызматкер) — 5 786 961 сом.
ММКФ сентябрь айы үчүн дагы медицина кызматкерлерине компенсация төлөө үчүн 71 миллион 844 миң 401 сом бөлдү.
"Саламаттык сактоо уюмунун 4 631 кызматкерине компенсация төлөндү. Алардын 1 012си дарыгер, 1 896сы орто жана 853ү кенже медкызматкерлер. Дагы 870и түрдүү багыттагы адистер", — дешти фонддон.
Республика боюнча бөлүштүрүлүшү:
  • Бишкек шаары (COVID менен күрөшкөн 2 394 медкызматкер) — 37 583 595 сом;
  • Чүй облусу (723 медкызматкер) — 11 684 730 сом;
  • Ош облусу (363 медкызматкер) — 7 288 875 сом;
  • Баткен облусу (142 медкызматкер) — 1 609 712 сом;
  • Жалал-Абад облусу (212 медкызматкер) — 2 869 656 сом;
  • Ысык-Көл облусу (363 медкызматкер) — 4 576 613 сом;
  • Нарын облусу (208 медкызматкер) — 2 674 876 сом;
  • Талас облусу (226 медкызматкер) — 3 556 344 сом.
Белгилей кетсек, бүгүн, 20-октябрда, "кызыл зонада" иштеген дарыгерлер августтан бери компенсациясын ала албай жатканы боюнча маселе парламентте көтөрүлгөн. Буга министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов жооп берип, жакында баарына төлөнүп берилерин айткан. Бул үчүн 580 миллион сом каралганын белгилеп, депутаттарды жана медиктерди сарсанаа болбоого чакырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0