Столдун суурмасынан санап... Чек ара кызматынын жетекчилери кармалган видео

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча санап жаткан адам. Архив
Акча санап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
Жазылуу
Пара алууга шектелген чек арачылар УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыктарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. УКМК чек арадан өткөндөрдөн, анын ичинде Өзбекстандын жүк ташуучу унааларынын айдоочуларынан акча алып турган деп Чек ара кызматынын айрым жетекчилери менен "Достук" өткөрмө пунктунун башчысын кармады.
Атайын кызмат шектүүлөр акча алып жаткан жана колго түшүрүлгөн видеону жарыялады.
Анда иш бөлмөдө отурган чек арачыларга формачан адамдар акча берип кетип жатканын көрүүгө болот. Спецназ аларды кармап кеткени, тергөөчүлөр ири өлчөмдөгү каражатты унаанын үстүнө тизип санап жатканы да көрсөтүлөт.
Президенттик администрациянын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы А.Т.Б. пара талап кылууга шектелип кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Президенттик администрациянын Ырайым кылуу комиссиясынын катчысы кармалды. Видео
Коррупцияга шектелип "Достук" өткөрүү пунктунун башчысы А.Э., УКМКнын Ош облусу боюнча Чек ара кызматынын башчысы Ч.Н. жана Чек ара кызматынын башкы штабынын жетекчисинин биринчи орун басары К.Б колго түшүрүлгөн. УКМКнын билдиришинче, "Достуктун" кызматкерлери Чек ара кызматынын жетекчилеринин колдоосу менен чек арадан өткөндөрдөн опузалап акча алган.
Аталган факт Жазык кодексинин 325-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту ("Адамдардын тобу тарабынан пара алуу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Шектүүлөр УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыктарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмышка тиешеси бар башка жогорку кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0