Чоң Чүй каналы. Архив

Фермерлер Чоң Чүй каналынын суусунан канткенде көз каранды болбойт. Шарты

85
(жаңыланган 13:25 20.10.2021)
Маалыматка караганда, жер алдынан суу чыгаруу үчүн фермерлер лицензия алышы керек. Документ чогултууга жарым жылдай убакыт жана 100 миң сомдой акча керек.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Жер астындагы сууларды колдонуу менен фермерлер Чоң Чүй каналына болгон муктаждыктан арыла алат. Бул тууралуу Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Туратбек Үкүбаев айтты.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Кыргызстандын суусу Казакстанга кетип жатабы? Фермерлер жапа чегүүдө" аталышындагы брифингге катышкан.

Үкүбаевдин айтымында, жакында эле киргизилген эрежеге ылайык, жер алдындагы сууларды айыл чарба багытына колдонуу үчүн Энергетика жана өнөр жай министрлигинен уруксат алуу керек. Ошол эле учурда Чүй облусунун айрым жерлеринде 2 метр тереңдиктен суу чыгат.

Ошондой эле адис сугат суусу талааларга жетүү үчүн узак жолду басып өтүп жатканын эске салды.

"50 сотых жерди сугаруу үчүн фермерлер Чоң Чүй каналынан 3-5 чакырымга чейин сууну тартып келишет. Бир сезондо бул нерсени үч жолу жасоо керек. Ошол эле учурда анын жер тилкесинде 3 метр тереңдиктен суу чыгат", — деди ал.

"Сууну арык аркылуу талаага жеткиргенге чейин эле жолдо бир тобу жок болот. Тагыраагы, жерге сиңип отуруп, кайра эле жер алдындагы сууларга кошулат. Анын үстүнө көпчүлүк фермерлердин жер тилкелери 1,5-2 гектардан. Мындай аянтты алыстан суу тартып келгенден көрө жер алдынан алып сугаруу экономикалык жактан пайдалуу", — деди Укубаев.

Бирок бул үчүн уруксат кагаздарын Бишкектен гана алууга болот. Кагаздарды чогултууга жарым жылдай убакыт талап кылынат. Ассоциация юристтеринин эсебине караганда, лицензия алуу үчүн 100 миң сомго чейин каражат талап кылынышы мүмкүн.

Үкүбаевдин айтымында, "лицензиялоо системасын алып салуу зарыл, анын үстүнө бул тууралуу өлкө президентинин февраль айындагы жарлыгында айтылган. Бирок азырынча жылыш жок".

Адис мамлекет фермерлерди жетиштүү көлөмдө суу менен камсыздай албаган соң өз алдынча сугат системасын уюштурууга шарт түзүп бериши керектигин белгиледи.

85
Белгилер:
Кыргызстан, сугат, Чоң Чүй каналы, фермер
Тема боюнча
Министрлер кабинети: сугат объектилерин оңдоого 100 млн. сом бөлүнөт
Башкы прокуратура. Архив

Башкы прокуратура Жээнбеков менен Зулпукаров канткенде абактан чыгарын айтты  

123
(жаңыланган 22:26 07.12.2021)
Башкы көзөмөл органы мындан аркы кадамдар парламенттин чыгарган чечимине жараша болорун белгилеп жатат.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакыт Жетигеновду жоопко тартуу сунушу тууралуу түшүндүрмө берди.

Башкы көзөмөл органынын маалыматына ылайык, парламент макулдук берген учурда аталган депутаттар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ал эми макулдук берүүдөн баш тартса, алардын камактан бошотулушуна негиз болот. Депутаттык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин иш өндүрүштөн убактылуу токтотулат.

“Жогорку Кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында башкы прокурордун сунуштамаларын карап, добуш берүү жолу менен депутаттарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү же баш тартуу чечимин кабыл алат. Демек, кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим Жогорку Кеңештин корутундусунун негизинде каралат”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ноябрдын аягында башкы прокурор Курманкул Зулушев үч эл өкүлүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган.

Натыйжада анын сунуштамасын кароо үчүн жети депутаттан турган комиссия түзүлдү.

Жээнбеков менен Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.

Ал эми Бакыт Жетигенов бийликти басып алууга белсенген деген шек менен шайлоонун алдында кармалган.

123
Белгилер:
Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Башкы прокуратура, чечим, абак
Тема боюнча
Абакта отурган Жээнбеков менен Зулпукаровдун кандай байлыгы бар
ПЦР-тест тапшырып жаткан адам. Архив

Россия ПЦР-тесттин жарактуу мөөнөтүн кыскартты. Кыргызстандыктарга таасир этеби? 

81
(жаңыланган 21:48 07.12.2021)
Мындай чечим коронавирустун өтө жугуштуу "омикрон" штаммы жайылып жатканына байланыштуу кабыл алынган.  

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Россияда коронавируска каршы тапшырылган ПЦР-тесттин жарактуу мөөнөтү 72 сааттан 48 саатка чейин кыскартылды. Бул тууралуу РИА Новости Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Поповага таянуу менен билдирди.

Мындай чечим коронавирустун өтө жугуштуу "омикрон" штаммы жайылып жатканына байланыштуу кабыл алынган.  

Ошондой эле Попова Россияда колдонулуп жаткан ПЦР-тесттердин баары "омикрон" штаммын жугузгандарды дагы аныктай аларын белгилеген.

Эскерте кетсек, учурда Россияга бара жаткан кыргызстандыктар милдеттүү түрдө 72 сааттан кечиктирбей ПЦР-тест тапшырып, терс жыйынтыгын көрсөткөн сертификат менен кетишет. Демек, изилдөөнүн жыйынтыгынын жарактуу мөөнөтү дагы 24 саатка кыскарат.

81
Белгилер:
ПЦР-тест, Россия, кыскартуу, 'омикрон' штаммы
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
"Спутник V" вакцинасы "омикрондон" канчалык коргой аларын дарыгер айтып берди
Казакстан өлкөгө кирүү эрежесин катаалдаштырып, чектөө киргизет
АКШ долларлары. Архив

Улуттук банк бүгүн 71,3 млн. доллар сатып, дагы бир рекорд жаратты    

0
(жаңыланган 22:34 07.12.2021)
Мурунку рекорд эки жума мурун катталган. Анда башкы финансылык ведомство 70,3 миллион долларлык интервенция жасаган.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Улуттук банк бүгүн, 7-декабрда, валюта рыногуна 71,3 миллион доллар сатты. 

Бул 2010-жылдан бери жүргүзүлгөн эң ири интервенция (андан мурунку жылдарга карата маалымат ачык булактарда жок).

Буга чейинки рекорддук көрсөткүч 23-ноябрда катталып, 70,3 миллион доллар сатылган болчу.

Ушуну менен быйылкы жылдын эсебинен 14 жолу интервенция жасалды. Бул аралыкта сатылган доллардын суммасы 633 миллионго жетти. Улуттук банк 24-ноябрда накталай түрүндө дагы 38 миллион доллар саткан.

0
Белгилер:
Улуттук банк, интервенция, доллар, сатуу
Тема боюнча
Улуттук банк ноябрда сомдун курсун кармап туруш үчүн канча акча коротту
Президент салыктан бошоткон ишканаларга беш талап койду. Тизме