Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Ооруган балдарды мектепке жибербегиле. Бишкек мэриясы ата-энелерге кайрылды

© AFP / INA FASSBENDERБет капчан оккучулар мектепте сабак учурунда. Архив
Бет капчан оккучулар мектепте сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Жазылуу
Вице-мэр мектептерде салттуу билим берүү аралыктан окутканга караганда алда канча майнаптуу экендигин белгилеген.
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Салттуу окутуунун баш ооруткан маселеси балдары ооруп калса деле ата-энелердин аларды мектепке жөнөткөнү болууда деп билдирди Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева.
Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингге катышты.
© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева
Вице-мэр Бишкека Виктория Мозгачева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева
"Көптөр балдарды калтырганга үйдө киши жок дешет. Түшүнсөңүздөр, бул көйгөйдү чечүүнүн жолу эмес. Мунун кесепети жаман болушу мүмкүн. Алгоритмде мектепти, классты кандай учурда онлайн окутууга өткөрүү же бала бакчаны профилактикалык максатта жабуу так жазылган. Эгерде бир инкубациялык мөөнөттө коронавирус менен чыгып калган эки учур кездешсе, анда мектепти толугу менен онлайн тартибине өткөрөбүз", — деген Мозгачева.
Аткаминер айрым окуучулардын ата-энелерин вирус менен күрөшүүгө чакырган.
Открытие первого детского хосписа в Уральском федеральном округе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Сасык тумоо, пневмония болгон балдар үчүн убактылуу стационар ишке кирет
"Бул жерде иш эки жактан тең жүрүшү керек. Биз тараптан бала бакча менен билим жайларында бардык санитардык нормаларды сактоо боюнча жоопкерчиликти өзүбүзгө алабыз. Ооруп калган балдар мектепке келбей турганын так билишибиз керек", — деп түшүндүргөн вице-мэр.
Ал учурда Бишкекте алты мектептин 9 классы онлайн тартипке өткөрүлгөндүгүн айтты. Мозгачева билим берүүнүн салттуу форматы аралыктан окутканга караганда алда канча майнаптуу экендигин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0