Кара-Кулжада өзбекстандыктарга жасалма паспорт берип жүргөн адис кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын жаранынын паспорту. Архив
Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2021
Жазылуу
Райондук калкты каттоо бөлүмүнүн башкы адиси чет өлкөлүк жарандарга паспорт алып берип, ордуна сый акы алып турганы аныкталган.
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кара-Кулжа райондук калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн О.Т.А. аттуу башкы адиси Өзбекстандын жарандарына паспорт берген деп кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Иликтөөнүн жүрүшүндө Өзбекстандын жарандары Ю.М.У. жана С.М.С. жасалма документ алып бергени үчүн шектүүгө акчалай сый акы бергени аныкталган.
© Фото / пресс-служба ГКНБШектүү
Задержанный житель Кара-Кульдинского района по подозрению в изготовлении поддельных паспортов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Шектүү
Факт боюнча Жазык кодексинин 320 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 330-беренелери ("Паспортту мыйзамсыз берүү") менен сотко чейинки тергөө башталып, шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Учурда чет өлкөлүк жарандарга мыйзамсыз документ берүү фактыларын аныктоо боюнча тиешелүү иштер улантылып жатканы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0