Бишкектин жанындагы айланма жолдо көмүрдү кымбаттатып саткандар аныкталды

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКөмүр. Архив
Көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2021
Жазылуу
12-октябрдан тарта Кыргызстандын аймагында көмүрдүн баасын мамлекет убактылуу жөнгө салып турмай болгон. Ага ылайык бир тонна көмүр 4 400 сомдон ашпашы керек.
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бишкектин төмөнкү жагындагы айланма жолдогу көмүр саткан жайлар текшерилип, сатуучулар бааны көтөрүп салганы аныкталды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги кабарлады.
Бишкек ТЭЦи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
Бишкек ТЭЦке эмне үчүн казак компаниясы көмүр ташыш керек. Аалиевдин жообу
Текшерүүгө бир катар мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери чыкты.
"Баалар көтөрүлүп кеткенин көрдүк. Сатуучулар бир тоннасына 5 миң сомдон сурап жатыптыр. Монополияга каршы орган эскертүү берди. Көмүр калкка эң кымбат дегенде 4 400, жүктөп берсе 4 500 сомдон сатылышы зарыл", — деп айтылат билдирүүдө.
Сатуучулар мыйзамды бузуу менен мындан ары дагы бааны жогорулатса, жоопко тартылары айтылды.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0