Үч адам каза болду. 24-октябрга карата COVID статистикасы

© REUTERS / Denis Grishkin/Moscow News Agency/HandoutМедициналык кызматкер ооруканада бейтап менен. Архив
Медициналык кызматкер ооруканада бейтап менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2021
Жазылуу
Учурда ооруканаларда 689 бейтап жатат, ал эми үй шартында 653 адам дарыланууда. Ооруга чалдыккандардын жалпы саны 180 563кө жетти.
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир сутканын аралыгында 96 адамдан COVID-19 аныкталды.
Жаңы катталган учурлар:
  • Бишкек - 52;
  • Чүй облусу – 13;
  • Ош облусу – 1;
  • Талас облусу - 5;
  • Нарын облусу - 1;
  • Ысык-Көл облусу – 15;
  • Жалал-Абад облусу – 5;
  • Баткен облусу —  4.
Ушуну менен ооруга чалдыккандардын жалпы саны 180 563кө жетти.
Вакцина от коронавируса Pfizer-BioNTech  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2021
Кийинки жумада Pfizer BioNTech вакцинасынын келиши күтүлүүдө
Ошол эле учурда кечээтен бери 54 адам коронавирусту жеңип чыкты. Айыккандардын жалпы саны 175 061ди түзөт. Тилекке каршы, үч киши каза болгон. Алардын вакцина албаганы белгиленет. Пандемия башталгандан бери 2 653 кыргызстандык көз жумду.
Ооруканаларда 689 бейтап жатат, ал эми үй шартында 653 адам дарыланууда.
Ошол эле учурда 6 993 адам эмдөөдөн өттү, анын ичинен 4 124ү биринчи дозаны, 2 869у экинчи дозаны алган.  Жалпысынан вакцинанын биринчи дозасын алгандар — 943 627, экинчисин алгандар 716 197ге жетти.
Жаңылыктар түрмөгү
0