66 кишиден коронавирус табылып, эки бейтап көз жумду

© AFP / YURI KADOBNOVОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
Жазылуу
Кечээтен бери 1 429 киши коронавируска каршы эмделген. Анын ичинен 966сы вакцинанын биринчи дозасын алса, 463ү экинчи компонентин сайдырган.
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 66 кишиден коронавирус табылып, 36 бейтап дартты жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 41;
  • Чүй облусу – 3;
  • Ош облусу – 2;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 15;
  • Жалал-Абад облусу – 1;
  • Баткен облусу – 2.
Бет капчан оккучулар мектепте сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Пресс-борбор
Ооруган балдарды мектепке жибербегиле. Бишкек мэриясы ата-энелерге кайрылды
Ушуну менен илдет илештиргендердин жалпы саны 180 629га жетти. Анын ичинен 175 097 адам айыккан. Бир сутка ичинде эки өлүм катталып, алардын коронавируска каршы вакцина албагандыгы айтылды. Жалпысынан 2 655 киши дарттын курмандыгы болду.
Азыркы тапта стационарда 712, ал эми амбулатордук шартта 655 адам дарыланып жатат.
Кечээтен бери 1 429 киши коронавируска каршы эмделген. Анын ичинен 966сы вакцинанын биринчи дозасын алса, 463ү экинчи компонентин сайдырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0