Дарыгер антибиотик кайсы учурда таптакыр жардам бербесин айтты

© Фото / Pexels / Karolina GrabowskaДарыгер антибиотиктер менен. Иллюстративное сүрөт
Дарыгер антибиотиктер менен. Иллюстративное сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Жазылуу
Адис олуттуу себеби жок учурда антибиотик ичип алса, организм кийин аны тоготпой калышы мүмкүн экенин түшүндүрдү.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Дарыгер жана теле алып баруучу Александр Мясников бронхит болуп, жөтөл кыйнап жатканда антибиотик ичпөөгө чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Тамак ооруп же жөтөл кыйнап жаткан учурда антибиотиктин зарылдыгы жок. Бул учурда бир гана жөтөлгө каршы дары-дармектер жардам берет. Анткени көпчүлүк учурда бронхитти инфекция козгобойт", — деди Мясников.
Ошондой эле медик гайморит болуп жатканда дагы антибиотик пайда түгүл, зыян алып келиши мүмкүн экенин билдирди.
Дарыгер жана алып баруучу Александр Мясников. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2021
Мясников: антибиотикти туура эмес колдонуу ичеги рагына кептеши мүмкүн
"Мен муну көп жолу айттым. Антибиотикти үйдөн дарыгер жазып берген учурда гана ичүү керек. Адатта медиктер антибиотикти ангина күчөп, дене табы 40 градустан түшпөй жатканда, жыныстык органда инфекциялык илдеттер пайда болгондо же пневмония өпкөнүн көпчүлүк бөлүгүн жабыркатканда гана сунушташат", — деди дарыгер.
Сөзүнүн аягында олуттуу себеби жок учурда антибиотик ичип алса, организм кийин аны тоготпой калышы мүмкүн экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0