Чыныбай Турсунбековдун жубайы: үй-бүлөлүк тарыхыбыз узун болот го дечүмүн...

© Фото / из архива семьи ТурсунбековыхЖогорку Кеңештин мурунку төрагасы, мамлекеттик ишмер, акын Чыныбай Турсунбеков жубайы Нуржан Тентимишева менен. Архив
Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы, мамлекеттик ишмер, акын Чыныбай Турсунбеков жубайы Нуржан Тентимишева менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2021
Жазылуу
Жакында эле Бишкекте Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы, мамлекеттик ишмер, акын Чыныбай Турсунбеков эскерилди. Көзү тирүү болсо саясатчы быйыл 61 жашка чыкмак.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы “Чыныбай Турсунбеков” атындагы коомдук фонддун негиздөөчүсү, саясатчынын жубайы Нуржан Тентимишева менен маектешкен.
— Чыныбай Акунович саясатта да, коомдо да ордун тапкан инсан эле. Түйшүк сизге түшсө керек...
— Чыныбай жумшак адам болчу. Негизи саясатта да, үй-бүлөдө да абдан токтоо, оптимист эле. Үй иштерине эч качан кийлигишчү эмес. Баарын мага тапшырып берген.
— Кыргызда "жаман менен өткөн бир өмүрдөн, жакшы менен өткөн бир күн артык" деген сөз бар эмеспи...
— Чыныбай экөөбүздүн үй-бүлөлүк тарыхыбыз абдан узун болот деп ойлочумун. Мынча эрте кетип каларын эч ойлогон эмесмин. 35 жыл бирге жашадык... Көп жеринен окшоштуктарыбыз да бар. Экөөбүз тең филологбуз. Ал Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясында, мен орус филологиясында окугам. Экөөбүз тең поэзияны жакшы көрчүбүз. Орус акындарынын ичинен Сергей Есенинди баалачу элек. Ал эми мүнөзүбүз боюнча эки башкабыз, ошол себептен тил табышып, жакшы турмуш кура алсак керек. Мен абдан эмоционалдуумун, ал абдан токтоо эле. Биз бири-бирибизди толуктап турчубуз.
© Sputnik / Табылды КадырбековЧыныбай турсунбековдун жубайы Нуржан Тентимишева: Чыныбай экөөбүздүн үй-бүлөлүк тарыхыбыз абдан узун болот деп ойлочумун. Мынча эрте кетип каларын эч ойлогон эмесмин...
Супруга государственного деятеля, экс-спикера ЖК Чыныбая Турсунбекова Нуржан Тентимишева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Чыныбай турсунбековдун жубайы Нуржан Тентимишева: Чыныбай экөөбүздүн үй-бүлөлүк тарыхыбыз абдан узун болот деп ойлочумун. Мынча эрте кетип каларын эч ойлогон эмесмин...
— Ал кишинин балалыгы Нарында өткөн да.
— Чыныбай 1960-жылы Нарын районунун Жан-Булак айылында туулган. 11 бир туугандын бешинчиси. Атабыз чабан, апабыз үй кожойкеси болгон. Биз ушул 23-октябрда Чыныбай Акуновичти эскерүү кечесин өткөрүп, анда үч китептин бет ачарын жасадык. Биринчиси "Жылдыздуу жээк" ыр китеби, экинчиси "Мен дүйнөнү баланын көзү менен карайм" аттуу эскерүү китеби чыкты. Ошол китепте Чыныбай жөнүндө эскерүүлөрүн классташтары, туугандары, курсташтары жазып калтырышкан. Көп нерселерди ошол китептен билдим. Кайын сиңдим Гүлжандын эскерүүсүндө ата-энеси тоого чыгып кеткенде үйдө жалгыз калган кездерин мыкты жазыптыр. "Кичинебизде Айжан эжем жыгылып кетип колун сындырып алды, "эми менин чачымды ким өрөт?" деп ыйласам, байкем аябай тыкыс, катуу кылып өрүп берчү эле" дейт. Чай ичип жатса да колунан китеп түшпөгөн Чыныбай үйдө бекинип камыр жууруп, бир туугандарына манты да жасап берчү экен. Мугалимине 1-2-классында эле министр болорун айтыптыр.
— Жан дүйнөсү чыгармачыл адам кандайча саясатка аралашып калыптыр?
— Эми ал киши 35 жашка чейин илим-билим менен жүрдү. 25 жашында "Жүрөктөгү жаңырык" деген алгачкы ыр китеби чыкты. Ал эми 28 жашында кыргыз адабияты боюнча кандидаттык диссертациясын жазып, анысы Москвадан бекип келген. Негизи 35 жашка чейин доктордук диссертациясын жактаарын айтып, өмүрүн поэзия менен гана байланыштырчу.
Внучка известного акына Коргола Досуева Турсункан Досуева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2021
Коргол акындын небереси Турсун Досуева: атабыздын Акбакайга жетпей калган себеби бар
Советтер Союзунун урашы менен жашоо өзгөрдү. Ал 35 жашынан тарта бизнеске аралашып, 15 жылдын ичинде чоң-чоң компанияларды түздү. Алгач өзүбүздүн жана туугандарыбыздын үйлөрүн күрөөгө коюп насыя алып алдамчыларга туш келип калдык. Мен ошондо жүрөгүм ооруп, жатып калгам. Чыныбай күнү-түнү иштеп ошол кризистен сууруп чыкты. Поэзиядан ошондо алыстап кеткен.
Анда келечегибизди бизнестен гана көрүп жүрдүк. "Саясатты саясатчылар жасап, экономиканы бизнесмендер көтөрүшү керек" деп көп айтчу. Анан 2010-жылкы төңкөрүш болуп, жаш балдар да окко учуп кетти. Ал кезде Чыныбай Кыргызстандагы Ишкерлер союзунун президенти эле. Ошол бизнесмендердин баары 100 миң сомдон чогултуп, каза болгон балдардын үйүнө жардам беришкен. Анан мага бир жолу: "Нуржан, билесиңби, бул балдардын баары карапайым үй-бүлөдөн экен. Бирөөнүн атасы, айрымдарынын энеси жок. Анан бирөө эч кимиси жок, таежесинин колунда өсүптүр", — деди. Ошол адамдардын турмушу да саясатка келишине таасир берди окшойт. Чыныбайды көп эле партияга чакырышты, бирок баарынан баш тарткан. Акыры КСДП эле калган. Алмаз Шаршенович менен жолугушуудан бир күн мурун, кечинде Чыныбай, 25 жылдан берки түркиялык бизнес өнөктөшү болуп үчөөбүз сүйлөшүп отурганда саясатка барбай турганын айткан. Жай мезгили болчу. Пансионатта да иштерибиз көп эле, эртеси эртең менен туруп алып жумушка кетип калдым. Түштөн кийин эле телефон чалып: "Нуржан, сүйүнчү! КСДПчы болдук", — деди. Мен да түшүнбөй, жанымдагы кыздарым да таң калды. Үйгө келгенде сурасам: "Алмаз Шаршеновичке саясатка барбоо чечимимди айтсам, "ай, Чыныбай, ансыз деле курсагыңды тойгуза аларыңды баарыбыз эле билебиз. Бирок эл үчүн да иштеп коюш керек" дегенде унчуга албай калдым", — деди. Албетте, ал бизнесмен катары мамлекетке салык төлөп, элди ансыз да багып жаткан. Бирок балдардын өлүмү жана Алмаз Шаршеновичтин сөзү саясатка баруусуна себеп болуп калды көрүнөт.
© Фото / из архива семьи ТурсунбековыхНуржан Тентимишева: 25 жашында "Жүрөктөгү жаңырык" деген алгачкы ыр китеби чыкты. Ал эми 28 жашында кыргыз адабияты боюнча кандидаттык диссертациясын жазып, анысы Москвадан бекип келген. Негизи 35 жашка чейин доктордук диссертациясын жактаарын айтып, өмүрүн поэзия менен гана байланыштырчу.
Государственный деятель, экс-спикер ЖК Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Нуржан Тентимишева: 25 жашында "Жүрөктөгү жаңырык" деген алгачкы ыр китеби чыкты. Ал эми 28 жашында кыргыз адабияты боюнча кандидаттык диссертациясын жазып, анысы Москвадан бекип келген. Негизи 35 жашка чейин доктордук диссертациясын жактаарын айтып, өмүрүн поэзия менен гана байланыштырчу.
— Эми кеп башын жеке жашоосуна бурсак, экөөңүздөрдүн таанышкан күнүңүздөр эсиңиздеби?
— Менин Жыргал деген бөлөм бар. Экөө абдан жакын дос эле. Жыргал менен көрүшүп калганда жанында кара тору, бою кичирээк баланы көрүп калчумун. Бир жолу театрдан да жолугуп калганбыз. Ачыгын айтканда, көңүл деле бурчу эмесмин. Анан Нарынга барып мектепте орус тили мугалими болуп иштеп калдым. Ошол жылы Жыргал Чыныбай менен келип калып, жакындан таанышып калдык.
— Өзү акын болгондуктан романтик да болсо керек...
— Албетте, романтик болчу. Мен деле романтикмин (күлүп).
— Балдарга кандай ата, сизге кандай жолдош болду?
— Сөзүмдүн башында айткандай, үйдөгү иштердин баарын мага өткөрүп берип койгон. Бала тарбиялоодо деле ошондой. Негизи балдарга эне көбүрөөк байланышта болот эмеспи. Чыныбай биздин үйдө арбитр болчу. Кээде катуу кетип баратканда мени акырын токтотуп койчу. Эч качан уул-кыздарына жаман айтчу эмес. Мен канчалык урушсам деле кыздарым мага эмес, кичине эле үнүнүн интонациясын өзгөртүп койгон атасына таарынып калчу. Ачыгын айтканда, Чыныбай барда балдарымды катуу кармап, талаптарым да жогору болчу. Азыр анте албайт экенсиң. Анткени апа да, Чыныбайдын ордуна мээрим төгүп ата да болушум керек.
— Саясатта тирешүүлөр көп болот. Өзгөчө чоң маселелерди кабыл алып жатканда саясий оюндар, бут тосуулар. Корккон учурлар болдубу? Үйдө түпөйүл болуп, санаа тарткан кездериңиз...
— Көп эле болду. Чыныбай өзү "душманым жок эле, саясатка келгени көбөйдү" деп айтып калчу. Негизи саясатка баргандан кийин каралаган материалдар көп чыкты. Башында ар бир гезитти сатып келип алып эле маанайым бузулуп, сарсанаа боло берчүмүн. Бара-бара көнүп кеттик. Бирок жанагыдай оор маселелер, тирешүүлөр башталганда түнкүсүн уктабай чыкчумун. Абдан эмоционалдуу адаммын. Анан уктап жаткан Чыныбайга таң калам. Ал "уктабай жүрө бермек белек? Сарсанаа болбой уктай берчи. Убагы келгенде чечилет" деп койчу. Аябай оптимист, ток пейил эле. Бул кишинин компромисске бара билгендигинен жана эл менен тил табыша алгандыгынан КСДПнын ошол кездеги иштери жакшы жүрдү го деп ойлойм.
© Sputnik / Табылды КадырбековНуржан Тентимишева: 2010-жылы аянттагы балдардын өлүмү жана Алмаз Шаршеновичтин сөзү саясатка баруусуна себеп болуп калды көрүнөт
Супруга государственного деятеля, экс-спикера ЖК Чыныбая Турсунбекова Нуржан Тентимишева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Нуржан Тентимишева: 2010-жылы аянттагы балдардын өлүмү жана Алмаз Шаршеновичтин сөзү саясатка баруусуна себеп болуп калды көрүнөт
— Саясатта жүргөн кишинин дос, таанышы да көп болот эмеспи...
— Жок, Чыныбай бир маегинде саналуу эле досу бар экенин айтыптыр. Чынында көбүнчө классташтары, поэзиядагы курдаштары менен достошчу. Өткөндө эскерүүсүн уюштуруп жүргөндө да жанымда мени менен ошол достору Кожогелди Култегин, Курманбек Рыспаев, Атантай Акбаров чуркап жүрдү. Бизнесте деле бирин-экин досу бар эле. Саясаттан анчалык жакын дос тапкан жок. Албетте, жакшы мамиледеги тарапташтары болду. Ал оңой менен адамдарга ачылып кетчү эмес. Бул үчүн чоң сыноодон өтүү керек. Достукка бекем болчу.
— Бир кезде президенттикке аттанам деп чыкты эле. Үй-бүлөсү, достору менен кеңешти беле? Эмнегедир коомчулукка жогору жактан эки башка чечим кабыл алынып калгандай сезилген..
КРдин эмгек сиңирген юристи, юстициянын 3-класстагы кеңешчиси, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев жубайы жана кызы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2021
Мукар Чолпонбаевдин кызы Нуриля: апам атамды он жылдан соң кечирип кабыл алды
— Чыныбай башында ал чечимди кабыл алган эмес. 2016-жылы апрелде "Туруктуу өнүктүрүү кеңешмеси" болуп калып, ага бардык бийлик өкүлдөрү катышты. Анан ошол кеңешмеде Чыныбай доклад окуду. Биз ал кезде экөөбүз эле резиденцияда турчубуз. Балдарыбыз өз үйүбүздө жашачу. Анан эле кечинде көп киши телефондон куттуктап, мыкты доклад болгондугун айтып жатышты. Алмазбек Шаршенович да чалып, куттуктап: "Чыныбай, президенттикке даярдан. Сен мурда ишкерлер кеңешинин президенти эмес белең. Аймактардан ишкерлерди чакырып, съезд өткөр. Мен барып сүйлөп берем, региондорду кыдыралы", — деди. Эми президент айтып жаткандан кийин ошондой чечим кабыл алынган. Өзүм күбө болгондорду гана айтып жатам.
— Андан кийин эле саясат башка нукка бурулуп кетти окшойт...
— Эми башка чечим кабыл алынып калганына өзүнүн да салымы болуп калды көрүнөт. Анткени ал убакта Өмүрбек Текебаев камалып калган. Чыныбай өзү парламентте төрага болуп турса да, башка фракциялардын жетекчилерин чогултуп алып УКМКнын СИЗОсуна барды. Бул жагынан өзүнүн адамгерчилик позициясында турду. Анан президенттик аппаратта Текебаевдин туугандары, жардамчысы иштечү экен. Бир таанымал эле адам аларды кызматтан алууну сурап, эки-үч жолу келди. Ошондо Чыныбай жумуштан бошотпой койгон. Ушул нерселерден улам тараза ташы жылып кетсе керек.
© Фото / из архива семьи ТурсунбековыхНуржан Тентимишева: Чыныбай биздин үйдө арбитр болчу. Кээде катуу кетип баратканда мени акырын токтотуп койчу. Эч качан уул-кыздарына жаман айтчу эмес.
Государственный деятель, экс-спикер ЖК Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Нуржан Тентимишева: Чыныбай биздин үйдө арбитр болчу. Кээде катуу кетип баратканда мени акырын токтотуп койчу. Эч качан уул-кыздарына жаман айтчу эмес.
— Өзүнүн ишке ашпай калган кыял, максаттары болдубу?
— Болду, поэзияда мыкты чыгарма, бизнесте жакшы завод ачууну кыялданды. Саясатта эл мүдөөсүн аткарган жакшы партия түзсөк дегени бар. Акыркы жылдары чоң бизнесмендерди өлкөгө тартып, Бишкекте жакшы медициналык клиника жана мыкты мектеп ачууну пландап жаткан. 2019-жылы дүйнөгө белгилүү клиниканын башчысы келип, ылайыктуу жерлерди карап кеткен. Анан 2020-жылы кышында пандемия башталып калбадыбы. Ушул инвестициялык долбооруна жетишпей калды. Былтыркы 60 жылдыгына адабий кечесин өткөрсөм деп төртүнчү ыр жыйнагын даярдап жатты эле, буга да жетпеди...
— Пандемия жалпыбыз үчүн оор болду. Баарыбыз эле Чыныбай Акуновичтин дем алдыруучу аппараттан чыкканын угуп, жакшы жаңылык күтүп жатканбыз. Анан эле суук кабар келди. Башка да оорулары бар беле?
Заслуженный работник культуры КР Назира Аалы кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2021
Назира Аалы кызы: атам өлүмдөн коркпостугун айтканда, андан ары сүйлөй алган жокмун
— Жок, Чыныбайдын ден соолугу аябай жакшы болчу. Жогорку Кеңештин 7-кабатына тепкич менен чыкчу. Негизи биз жайында айылга барып апабызга куран окутуп келгенбиз. Айылдагы атабыздын үйүнө 100 орундуу бала бакча куруп, "Умсунай апа бала бакчасы" деп кайненемдин атынан койгонбуз. Окуучуларга стипендиясын таратты. Анан жайлоодон тоого чыгып келип чыйрыкканынан дароо шаарга келе бердик. Кечинде бир аз дене табы көтөрүлдү. Эртеси ПЧР-тест тапшыртып, дарыгердин айтуусу менен үч күн үйдө болдук. Анализ таза чыкканынан жумушка кеткем. Кийин жардамчымдын айтуусунда ошол күнү душка түшүптүр. Жумуштан келсем дене табы бир аз көтөрүлүп, жөтөл пайда болду. Пульмонолог Талант Сооронбаевдин айтуусу менен дары ичип, үйдөн тамчылатма дары алып жаткан. Бир-эки күндөн кийин сатурациясын тартып Сооронбаевге жиберсек тахикардия башталганын айтып, ооруканага жиберди. КТдан өпкөсүн тарттырып, Улуттук госпиталдын кардиологиясына жаткырдык. Көп өтпөй реанимацияга которулуп жатканын айтып, дарылардын тизмесин жиберген. Сүйлөшүп эле жаттык. Айткан дарыларын алып барып берип, эртеси чалсак эле такыр жооп бербейт. Талант Сооронбаевге, башкы врачка да жазып, ызылдасак да эч ким телефонун алган жок. Анан тааныш медайымды таап, түн ичинде ИВЛге түшүп калганын билдик. Талант Сооронбаев "ИВЛ аппаратынан эки күндөн кийин чыгарабыз. Сатурациясы да көтөрүлдү" деген.
Андан кийин Чыныбай Түркияга эле кетүү керектигин жазып жатты. Буга башкы врач каршы болду. Жолдошум Түркиядагы бизнес өнөктөшү, досу Бедресин бейге да жазыптыр, ал "алып кетем" деп чыкты. Мага көп нерсе айткан эмес. Аяган окшойт. Кийин телефонунан окусам, ал досуна эки жолу оор акыбалга түшүп калганын, медиктер жарым саат ИВЛге кошо албай койгонун билдириптир. Мен биздин дарыгерлердин сөзүнө ишенип жүрө берипмин. Андан кийин Мадемин Каратаев Түркияда батыраак сакайып кетерин айтканда дароо аракет кыла баштадык. Ошентип Түркия өкмөтүнөн жана башка мамлекеттерден алып өтүүгө уруксат алып, 6-июлдун кечинде учак учуп келди. Чыныбайды тез жардамга салып аэропортко алып баратсак эле "Ош" базар жактан токтоп калышты. Кызым алдыдагы унаада бараткан мага чалып, атасына тез жардамдын ичинде бир нерсе жасап жатышканын айтты. Ал ортодо Каратай Мадеминов да келип, ары-бери сүйлөшүп эле кайра ооруканага алып барышты. Туугандарыбыз менен оорукананы сагаалап, сарсанаа болуп күтүп турсак, аппаратка туташкан соң жакшы болуп калганын кабарлашкан. Биз сүйүнүп, кудайга жалынып жаттык. Көрсө Чыныбай тез жардамдын унаасында жатканда эле соцтармакта "өтүп кетти" деген кабар чыгыптыр да (жашып). Биз болсо эч нерсе билбейбиз...
© Фото / из архива семьи ТурсунбековыхНуржан Тентимишева: Аябай оптимист, ток пейил эле. Бул кишинин компромисске бара билгендигинен жана эл менен тил табыша алгандыгынан КСДПнын ошол кездеги иштери жакшы жүрдү го деп ойлойм.
Государственный деятель, экс-спикер ЖК Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Нуржан Тентимишева: Аябай оптимист, ток пейил эле. Бул кишинин компромисске бара билгендигинен жана эл менен тил табыша алгандыгынан КСДПнын ошол кездеги иштери жакшы жүрдү го деп ойлойм.
— Кайрат кылыңыз, сиздер азыр ал кишинин атын унуткарбай, сактап калуу боюнча иштеп жатасыздар. Акындар үчүн уюштурулуп жаткан иш-чаралар дагы уланабы?
– Албетте, уланат. Чыныбай студент кезинде "Жаш толкун" деген ийрим бар экен. Конкурсту да ошентип атадык. Ага 35 жашка чейинки акын-жазуучулар катыша алат. Жаш акындарга колдоо болсун деп жатабыз.
— Балдары тууралуу айтсаңыз, кызыңыз акыркы кезде коомчулукта активдүү боло баштады...
— Үч балабыз бар. Кызым саясатка барбайт. Муну үй-бүлөбүз менен сүйлөшкөнбүз. Биз атасы түптөгөн бизнести алып кетишибиз керек. Жолдошум балдарына кандай адам болуу керектигин жана тарбиясын мураска калтырды. Чыныбай бир маегинде кошоматка муктаж адам эмес экенин айтыптыр. Чынында эле ошондой болду. Чыныбайдын тирүүсүндө жанынан кетпей жүргөн саясатчылар көзү өткөн соң топурак салганга да жараган жок.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0