Блогер Гүлзат Мамытбек камакка алынды

© AFP / JOHN MOORE / GETTY IMAGES NORTH AMERICAКишенчен аял. Архив
Кишенчен аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2021
Жазылуу
Буга чейин милиция блогер элден кыска убакытта ири суммадагы киреше табасыңар деп акча алып, таптырбай кеткенин айтып, аны кармаган.
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Гүлзат Мамытбек деп таанылган блогер Гүлзат Алымкулованын баш коргоо чарасы каралып, ал 25-ноябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан билдирди.
"Биринчи май райондук сотунун 27-октябрындагы токтомуна ылайык, шектелүүчү 25-ноябрга чейин ЖАМКтын №21 тергөө изоляторуна камакка алынды", — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин милиция блогер элден кыска убакытта ири суммадагы киреше табасыңар деп акча алып, таптырбай кеткенин айтып, аны кармаган. Жалпы 110 миң доллар зыян келтирилгени маалым болгон. Аталган факт Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0