Кагаз калдыгын көчөткө алмаштырып, паркка бак тиге аласыз. Акция

© Sputnik / Табылды КадырбековПаркка бак тигүү. Архив
Паркка бак тигүү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2021
Жазылуу
Борбор калаадагы "Ынтымак" жана Чолпонбай Түлөбердиев атындагы парктарга 500 түп көчөт тигүү пландалып жатат.
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкекте "Бир жарандан бир көчөт" деп аталган акция өтүп, кагаз калдыктарын тапшырган киши калаадагы паркка бак отургузууга мүмкүнчүлүк алат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.
Анын алкагында "Ынтымак" жана Чолпонбай Түлөбердиев атындагы парктарга 500 түп көчөт тигүү пландалып жатат.
"Аталган министрлик "Шаардык парктар" муниципалдык кызматы менен биргеликте 30-октябрда экологиялык акция өткөрүп, ага катышууну каалагандарды чакырат. 3 килограмм кагаз калдыгын же беш даана желим бөтөлкөнү бир көчөткө алмаштырып, аталган парктардын аймагына бак отургузса болот", — деп билдирди маалымат кызматы.
Иш-чара ишемби күнү саат 10:00дө башталмакчы.
Жаңылыктар түрмөгү
0