Кыргызстандыктар да билим алса болот. Россия балдар университеттерин ачат

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүАудитория. Архив
Аудитория. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2021
Жазылуу
Окутуучулар балдарга татаал илимий-техникалык көйгөйлөрдү жеткиликтүү жана кызыктуу кылып айтып беришет. Порталды ишке киргизүү 5-7-ноябрга пландаштырылган. Пилоттук өлкө катары Кыргызстан жана Казакстан тандалды.
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Россотрудничество КМШ мамлекеттеринде Россиялык балдар университеттерин түзүүнү колго алууда. Бул тууралуу Россиянын Түштүк-Батыш университетинин маалымат кызматы билдирди.
Бул Россиянын кошуна өлкөлөрдүн балдарына жана өспүрүмдөрүнө багытталган биринчи системалуу билим берүү долбоору экени белгиленет. Окуу мөөнөтү эки жыл.
"Балдар университети окуучулар үчүн мектептин ордун алмаштырууну көздөбөйт, анын милдети өспүрүмдөрдү илимдин абдан кызыктуу экендигине ынандыруу болуп саналат. Университет табият таануу жана техникалык дисциплиналар боюнча адистешкен. Онлайн формат билим берүүгө үч курактагы, 7-9, 9-11 жана 12-14 жаштагы студенттердин тобун тартууга мүмкүндүк берет", — деп айтылат ЖОЖдун билдирүүсүндө.
Окутуучулар балдарга татаал илимий-техникалык көйгөйлөрдү жеткиликтүү жана кызыктуу кылып айтып беришет. Долбоорду Россиянын Түштүк-Батыш мамлекеттик университети иштеп чыккан.
Кыргызстан менен Россиянын бир нече мектептери кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2021
Кыргызстан менен Россиянын кызматташа турган мектептеринин тизмеси
Биринчи этапта Россиянын балдар университетинин негизги куралын — окуу материалдарын гана камтыбастан, мугалимдер менен студенттердин ортосунда ыкчам байланышты камсыз кылган порталды түзүү зарыл.
Россиянын билим берүү базасы, сабактар үчүн маалымдама материалдары, балдардын-студенттердин эң кызыктуу суроолоруна жооптор жана башка көптөгөн маалыматтар rchu.org https://rchu.org/ сайтында жайгаштырылат. Порталды 5-7-ноябрда ишке киргизүү пландалууда. Пилоттук өлкө катары Казакстан менен Кыргызстан тандалган.
Долбоордун негизги максаты — Россиянын билим системасын чет өлкөдө жайылтуу, чет элдик абитуриенттерди Россиянын техникалык университеттерине жаштайынан даярдоо үчүн шарттарды түзүү болуп саналат. Россиянын балдар университетинин жумушчу тили орус тили болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0