Дары-дармек департаментине жаңы жетекчи дайындалды

© Sputnik / Сергей МамонтовДокументке кол коюп жаткан мамлекеттик кызматкер. Архив
Документке кол коюп жаткан мамлекеттик кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2021
Жазылуу
Жетекчи буга чейин Дары-дармек жана медициналык каражат департаментинде алдыңкы адис болуп эмгектенген.
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Нурдин Кагаздиев Дары-дармек жана медициналык каражат департаментине жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Кагаздиев жогорку билимдүү. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктаган. 36 жашта. Буга чейин Дары-дармек жана медициналык каражат департаментинде алдыңкы адис болуп эмгектенген.
Жаңылыктар түрмөгү
0