Баланын калп айтып жатканын билген ата-эне эмне кылышы керек? Адистин сунушу

© Фото / Pixabay/ Hainguyen1982Баласы менен сейилдеп жүргөн адам. Архив
Баласы менен сейилдеп жүргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
Жазылуу
Психологдун айтымында, бала калп айтууну адатка айлантып алса, анда коркууга негиз бар. Ал эми тил укпаш үчүн айткан майда-чүйдө калпты көз жаздымда калтырса болот.
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бала калп айтып жатканын ата-энеси билип калган учурда эмне кылышы керек? Дегеле баланы калпы үчүн жазалоо туурабы? Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Россиянын Сексология боюнча илимий коомчулугунун мүчөсү, психолог Татьяна Селезнева айтып берди.
Адистин пикиринде, калп айтуунун ар дайым эле зыяны эмес, пайдасы дагы тийген учурлар болот.
"Кайсы бир кырдаалдан чыгып кетүү үчүн же негативге жол бербөө максатында калп айткан жаман эмес. Бала эмне үчүн калп айтат? Ата-энеси жактырбаган, чектөө койгон нерселерди кылганда тил укпаш үчүн улууларды алдап койгусу келет. Балким, ата-эне уруксат бербеген нерсе баланын өсүп-өнүгүшү, дүйнө таанымы кеңейиши үчүн пайда алып келиши мүмкүн. Мындай калптан көп чочулабай деле койсо болот", — дейт Селезнева.
Ал эми бала калп айтууну адатка айлантып алса, анда коркууга негиз бар.
Мындай учурда чоңдор бала менен ачык сүйлөшүшү керек. Бирок урушуп, үстөмдүк көрсөтпөй, түшүндүрүү жолу менен баарлашуу керек. Анткени бала негизсиз жана көп калп айтуу эмне үчүн жаман экенин жакшылап түшүнүшү маанилүү.
Жаңылыктар түрмөгү
0