Дарыгер COVID-19 аялдын балалуу болушуна таасир этерин айтты

© AP Photo / Charles KrupaКош бойлуу айым. Архив
Кош бойлуу айым. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2021
Жазылуу
Адис коронавирусту оор көтөргөн 35 жаштан өткөн аялдардын энелик безинин иштеши алда канча төмөндөшү ыктымал экенин билдирди.
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. COVID-19 инфекциясы аялдын балалуу болушуна кандай таасир этерин Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин адиси Наталия Долгушина РИА Новостиге айтып берди.
Анын билдиришинче, коронавирус инфекциясынын орточо жана оор формасы менен ооруган 35 жаштан өткөн аялдардын арасында репродуктивдик көйгөйлөр оорубагандарга караганда беш эсе көп болушу мүмкүн.
"Бул деген вирус аялдардын энелик безинин иштешин беш эсе төмөндөтөт дегенди билдирет", — деген дарыгер.
Бетондо отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Сызга отурба! Гинеколог аялдардын суукка урунушунун оор кесепетин айтты
Адис коронавирустук инфекциянын эркектердин да репродуктивдик системасына тийгизген таасири боюнча маалыматтар бар экенин, анда сперманын курамында вирус табылганы жана гормоналдык функциянын төмөндөшү тууралуу айтылганын кошумчалаган.
Ошол эле учурда "Спутник V" вакцинасы балалуу болууга зыянын тийгизбей турганын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0