Оюман кетпеген жигитим кайнага болуп чыкты. Айласы кеткен келиндин каты

© Фото / Pixabay / SplitShireЭркек менен аял кучакташып жаткан учурда. Иллюстративдик сүрөт
Эркек менен аял кучакташып жаткан учурда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына мурунку жигити бир тууган кайнагасы болуп чыккан келин кат жазган.
Саламатсыздарбы, ушу тапта кинодогудай окуяга кабылып отурам. Бирок ушундай кызык окуялар турмушта да болот экен. Мен азыр 28 жаштамын. Жогорку окуу жайын бүтүп, учурда иштеген ишим бар. Мындан төрт жыл мурун, университеттин акыркы жылында бир жигит менен таанышып, экөөбүз кыз-жигит катары бир жылга жакын сүйлөшкөнбүз. Чынында бири-бирибизди аябай жакшы көрчүбүз. Сонун күндөрдү чогуу өткөрүп, келечекке пландарды да бирге коёр элек. Кийинки үйүбүздү, канча балабыз болорунан бери сүйлөшчүбүз. Ошентип Кайратка Кореядан жакшы жумушта иштөө мүмкүнчүлүгү жаралып, ал кетмей болуп калды. Мен да кошо кетмей болуп, аябай ээлигип алганыма карабай ата-энем караманча каршы туруп алды. Айла жок ыйлап-сыктап кала бергем. Ал да кетип жатып, жакшы акча чогултуп келсе бутубузга бат турарыбызды айткан. Андан бери үч жыл өттү. Жарым жылдай жакшы сүйлөштүк. Андан кийин ортодо кызганычтар чыгып, уруш-талаш да көбөйдү. Акыры таарынышып, кайра жарашып отуруп сүйлөшпөй калганбыз. Бирок Кайратты такыр унута албай койдум. Үйдөгүлөрдүн "турмушка чык, кара далы болуп каласың" дегенинен улам бир бала менен таанышып, сүйлөшүмүш болуп жүрдүм. Арадан үч-төрт ай өткөн соң эле колумду сурап, үйлөнүү сунушун киргизди. Апам менен да таанышып, үйдөгүлөр аябай жактырышкан. Ошондон кийин үйдөн апам "ушуга тий, жакшы бала экен, иши бар, шаарда жашайт. Сага дагы эмне керек?" деп мээмди жесе, телефондон бул жигитим жанымды койбоду. Акыры "бирөөгө тийиш керек да, сүйгөнүмө жетпей калган соң мага эми баары бир эмеспи" деп макулдугумду берип койдум. Ошентип таанышканыбыздан алты-жети ай өтүп эле үйлөндүк. Турмушка чыкканыма төрт ай болсо да күйөөмө эч эле сезимим ойгонгон жок. Кайрат эле такыр оюмдан кетпейт. Жакында эле Кореяда жүргөн кайнагам ошол Кайрат экенин билип, нес болуп калдым. Күйөөм агасы бар экенин айткан, бирок мындай болуп калары адамдын оюна келбептир. Үйдөгүлөр "жакында келет" деп аны күтүп жатышат. Эмне кыларымды билбейм. Кантип жолугуп бет карашам? Кайраттын менден кабары бар-жогун билбейм. Мүмкүн ал деле башка бирөөнү жактырып же үйлөнө турган болуп калгандыр. Анысы да белгисиз. Кайнагам келгиче качып кетсемби деп да ойлоном. Анда апамдарга эмне деп түшүндүрөм? Кайненем менен кайнатам да жакшы адамдар. Кантем?
Обращение к психологу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2021
Атам менен аялымдын талашынын ортосунда калдым. Айласы кеткен жигиттин каты
Психолог Гүлнара Жасоолова:
— Сиз мурунку жигитиңизди жакшы көргөнүңүз үчүнбү же инисине тийип алганыңыз үчүн уялып жатасызбы? Ушуга да так жообуңуз болушу керек. Анткени аны кайнага катары кароо менен жигит катары кароонун айырмасы бар. Андан уялып жатсаңыз "бул окуяда сиз өзүңүздү күнөөлүү деп эсептейсизби?" деген да суроо туулат.
Буга чейин эле мурунку жигитиңиз менен байланыш үзүлүп калганын жазыптырсыз. Анда бул жерде эч кимдин күнөөсү жок. Муну тагдыр дейбиз.
Экинчиден, ата-энеңиздин макулдугу менен "жашым өтүп баратат, турмушка чыгайын" деп өзүңүз чечим чыгардыңыз да. "Качып кетким келет" дегениңизге психолог катары кошулбас элем. Анткени орчундуу деле маселе жок. Ар бир адам жашоодо ката кетирет. Анын үстүнө бул кадамга атайын барган жоксуз.
Албетте, чечимди өзүңүз кабыл аласыз. Бирок дагы бир жолу айтарым, мындан оор деле маселе көргөн жокмун. Сиз ачык сүйлөшкүңүз келсе, жолдошуңузга баарын айтыңыз. Эгер аны туура көрбөсөңүз, жөн эле койсоңуз да болот.
Эми ажырашкан күндө деле ал адамга турмушка чыкпайсыз да. Ал деле инисинин турмушун бузгусу келбесе керек. Үй-бүлөнү бекем сактап калуу сиздин колуңузда. Эгер ал теманы козгогуңуз келбесе, унчукпай эле өткөрүп жиберсеңиз да болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0