Кар жаап, суук түшөт. Бир аптага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук гвардиянын жоокерлери Бишкектеги Ала-Тоо аянтында. Архив
Улуттук гвардиянын жоокерлери Бишкектеги Ала-Тоо аянтында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2021
Жазылуу
Жуманын башында өлкө боюнча күн ачык турат. Бейшембиден тарта жамгыр, кар жаап, абанын температурасы төмөндөйт.
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, Бишкек шаарында 1-3-ноябрь күндөрү жана 4-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Ал эми 4-ноябрда күндүз жамгыр жаап карга айланышы күтүлөт. 5-6-ноябрда күндүн көзү ачылып, жаан токтойт.

Чүй жана Талас облустары

1-3-ноябда күн ачык болуп турат. 4-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан карга айланып, тоолуу райондорго кар түшөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт.
5-ноябрда күндүз жана 6-ноябрда күн ачылат.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

1-3-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок 4-ноябрда күндүз, 5-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. 5-ноябрда күндүз жана 6-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы ыктымал. Күндүз жаан токтойт.
Бишкектин паркындагы киши отурат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
Күздүн кереметине суктанган да бар, сезбеген да бар. Ажайып сүрөттөр
Ысык-Көл облусу
1-3-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 4-ноябрда көпчүлүк райондордо жамгыр аралаш кар, тоолуу аймактарда кар жаайт.
5-ноябрда түнкүсүн басымдуу аймактарда кар, кээ бир жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. 5-ноябрда күндүз жана 6-ноябрда күн ачык болот.

Нарын облусу

1-3-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 4-ноябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр карга айланып, тоолорго кар түшөт. 5-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Бирок күндүз жана эртеси жаан-чачын күтүлбөйт.
Аба ырайынын жакындатылган божомолуна ылайык, 7-ноябрда өлкө аймагында жаан жаабайт, абанын температурасы бир аз жогорулайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0