Адис: "дельта" штаммынын адамдын үнүн бузуп койгон учурлары катталууда

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2021
Жазылуу
Дельта-штамм — COVID-19ду козгоочулардын бири. Ал биринчи ирет Индияда табылган. Башкалардан айырмасы инкубациялык мөөнөтү кыска, адамдын организмин тез эле алсыратып коет.
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Коронавирустун "дельта" штаммы үнгө терс таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу Роспотребнадзор мекемесинин Москва илим-изилдөө институтунун директорунун клиникалык иштер боюнча орун басары Татьяна Руженцовага шилтеме берип "Известия" жазды.
"Учурда бул штаммдын кесепетинен чарчап-чаалыкканы кетпей, тамак көңдөйү бир топко чейин ооруп жүргөн бейтаптар көп кезигип жатат. Ошондой эле үнү, угуусу, эске тутуусу начарлагандар көп. Бул штаммдан кийин башка инфекциялар бат жукма болуп калары дагы белгилүү болду", — деди Руженцова.
Вектор борборунун лабораториясына иштеп жаткан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
Көптөрдүн үшүн алган COVID-19дун дельта-штаммынын сүрөтү жарыяланды
Дарыгердин айтымында, бул азырынча байкоолор гана, "дельтанын" кесепеттери илимий жактан тастыктала элек.
Дельта-штамм — COVID-19ду козгоочулардын бири. Ал биринчи ирет Индияда табылган. Башкалардан айырмасы инкубациялык мөөнөтү кыска, адамдын организмин тез эле алсыратып коет.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму "дельтаны" абдан кооптуу штаммдын катарына киргизген. Оору тамактан кармап ошол жерде өнүккөндүктөн, аны илештирип алгандар өздөрү билбей башкаларга тездик менен жуктурушу мүмкүн экени айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0