Өткөн жумада 15 миңден ашуун айдоочу жол эрежесин бузду. Кандай ката кеткен

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖКККББ автоунаалары. Архив
ЖКККББ автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Жазылуу
Алты миңден ашуун айдоочу жол белгилеринин талаптарын аткарган эмес, беш миңден көбү транспорт каражатын эксплуатациялоонун эрежесин бузган.
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Акыркы жумада республикада 15 702 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалымат кызматы кабарлады.
ЖКККББ айдоочуларды жана жөө жүргөндөрдү жол эрежелерин сактоого чакырды.
"Өзүңүзгө өтө ишенип, жол эрежелерине кол шилтеп, башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз. Бардык айдоочулар да, жөө жүргөндөр да жол кыймылынын эрежелерин билүүгө жана аткарууга милдеттүү", — деп жазылган маалыматта.
Рейддин жыйынтыгы төмөнкүдөй:
  • катуу ылдамдык менен айдагандар — 2 228;
  • тиешелүү документтерсиз унаа айдагандар — 198;
  • транспорт каражатын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу — 5 550;
  • транспорт каражатын каттоо тартибин бузгандыгы үчүн — 54;
  • жасалма мамлекеттик номерлер үчүн — 4;
  • мамлекеттик номери жок — 13;
  • ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандар — 10;
  • ээнбаштык кылган айдоочулар — 4;
  • жол эрежелерин бузган жөө адамдар — 239;
  • автоунаанын түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизгендер — 130;
  • жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн — 6 336;
  • унаанын айнектерин караңгылатып айдагандар — 46;
  • ичип алып унаа башкаргандар — 270;
  • унаа токтотуучу жайга токтотулду — 829.
Жаңылыктар түрмөгү
0