Кара-Балтада маршрутка айдоочулары иш таштады. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги маршрутка. Архив
Бишкектеги маршрутка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Жазылуу
Жалпысынан тогуз каттамдагы 90 кичи автобус жумушка чыккан эмес. Алар жол кирени 15 сомго көбөйтүүнү талап кылышууда.
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кара-Балта шаарында маршрутка айдоочулары иш таштап, нааразычылык акциясына чыгышты.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдиргендей, айдоочулар жол кире акысын 13 сомдон 15 сомго көтөрүүнү талап кылышууда.
Алардын айтымында, тапкан акчасы күйүүчү май, тамак жана унаа тетиктерине эле кетип жатат.
Жалпысынан тогуз каттамдагы 90 кичи автобус жумушка чыккан эмес. Учурда айдоочулар менен жергиликтүү бийлик акимчиликтин имаратында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы маалым болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0