Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтинги. Бишкек кайсы орунда

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOПроблема смога в Бишкеке
Проблема смога в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Жазылуу
Өткөн жылкы кышта Бишкек абасы кир шаарлардын ичинен биринчи орунга чыккан. Быйыл дагы алдыңкы ондукка кирди.
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Бишкек дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын ичинен тогузунчу сапка чыкты. Бул тууралуу аба сапатын аныктап, коомчулукка маалымат берип турган World Air Quality уюмунун сайтына жарыяланды.
Учурда борбордогу абанын сапатынын көрсөткүчү (AQI) 152 бирдикти түзүүдө. Бул адамдын ден соолугуна зыян алып келчү кооптуу чек катары эсептелет.
World Air Quality уюму мындай кооптуу учур үчүн бир нече кеңеш берген:
  • сыртта жүргөндө бет кап тагынуу;
  • терезелерди ачпоо;
  • үйгө аба тазалагыч орнотуу;
  • сыртта спорт менен машыкпоо.
Аталган рейтинг боюнча алдыңкы саптагы шаарлар:
1. Лахор (Пакистан) — AQI – 327 бирдик;
2. Дели (Индия) — AQI – 189;
3. Загреб (Хорватия) — AQI – 180;
4. Калькута (Индия) — AQI – 160;
5. Мумбай (Индия) — AQI – 160;
6. Краков (Польша) — AQI – 157;
7. Дакка (Бангладеш) — AQI – 155;
8. Ухань (Кытай) — AQI – 155;
9. Бишкек (Кыргызстан) — AQI – 152.
Ал эми онунчу саптан ылдый жайгашкан шаарлардын абасы ден соолукка өтө кооптуу эмес деп сыпатталган.
Белгилей кетсек, бул рейтинг шаарлардагы абанын булганышына жараша улам өзгөрүп турат. 
Бишкектин бийиктигинен көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2021
Бишкекти кара түтүн каптай баштады. Аэрофотографтын асмандан тарткан сүрөтү
Соңку жылдары суук түшөрү менен борбор калааны ыш каптоодо. Өткөн жылкы кышта Бишкек абасы кир шаарлардын ичинен World Air Quality версиясы боюнча биринчи орунга чыккан. Бийлик өкүлдөрү буга турак жайлар менен коммерциялык объектилерди жылытууда көмүрдүн жагылышы жана ТЭЦ менен автоунаалардан чыккан түтүн себеп болуп жатканын билдиришкен.
Ал эми медиктер кир аба ден соолукка терс таасирин тийгизерин эскертип келишет.
Жаңылыктар түрмөгү
0