Эртең Бишкектин эки конушунда таза суу өчүрүлөт

© AFP / FRED TANNEAUСуу агып жаткан кран. Архив
Суу агып жаткан кран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Жазылуу
Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конуштарындагы, ошондой эле шаардык суу кампаларда профилактикалык иштер аткарылат. Мэрия тургундарды суу камдап алууга чакырды.
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Эртең, 2-ноябрда, Бишкектеги Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конуштарында таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Бул күнү эки конуштагы жана шаардык суу кампаларда профилактикалык иштер аткарылат. Буга байланыштуу 9:00дөн 15:00гө чейин Калыс-Ордодо, 9:00дөн 17:00гө чейин Мурас-Ордодо таза суу болбойт.
Мэрия жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, жарандарды суу камдап алууга чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0