Ички иштер министрлигинин ардагери, запастагы полковник Аскар Мукашев

Полковник Мукашев: Сириядагы кызын издеп барып террордук уюмга кирген энелер болгон

585
(жаңыланган 15:31 22.11.2021)
Бүгүн Кыргызстандын милициясынын кызматкерлери кесиптик майрамын белгилеп жатышат. 1924-жылы Кара-Кыргыз автоном облусунда милициянын биринчи бөлүмү ачылган.

100 жылга чамалап калган тарыхында кыргыз милициясы нечен оор сыноону басып өттү. Колумнист Алмаз Батилов Ички иштер министрлигинин ардагери, запастагы полковник Аскар Мукашев менен маектешкен.

Мукашев 55 жашта. Ал көлдүн Ак-Суу районуна караган Отуз-Уул айылындагы Жумаш Асаналиев орто мектебин аяктап, 1984-1986-жылдары Калининград шаарында СССРдин Балтика аскердик флотунда кызмат өтөгөн.

— Милиционер болуу бала чактан берки кыялыңызбы? Ата-энеңиз кайсы кесиптин ээси?

— Маркум атам Исакун Мукашев "Советтик Кыргызстан" жана "Ысык-Көл правдасы" гезиттеринде кабарчы болуп эмгектенген. Апам Турсун Мустапаева 40 жылдан ашык мугалим болуп иштеди. Үч эркек, эки кыз, беш бир тууганбыз. Эмнегедир бала кезимден милициянын кызматкери же автобазанын инженери болуп иштегим келчү.

1986-жылы армиядан келгенден кийин Ак-Суу районунун автобазасында айдоочу болуп иштедим. Кийинки жылы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жалпы техникалык жана кол эмгек мугалими боюнча адистигине тапшырып, 1992-жылы аяктадым.

Полковник в отставке МВД КР Аскар Мукашев в пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Мукашев: оперативдик кызматкер артист болуш керек. Мындайча айтканда, милиция менен кылмыш дүйнөсүнүн ортосундагы тирешүү — эл билбеген жабык театр. Кимиси мыкты өнөр көрсөтөт деп көшөгөнүн артында эки тараптын күйөрмандары акмалап отурат

— Эмгек жолуңуз кайдан башталды эле?

— 1992-жылы Ички иштер министрлигинин 7-башкармалыгында чалгынчы катары баштадым. Негизи бул кесипти тандоого раматылык кайнатам Имаш Кыдырмышев да чоң түрткү болду. Бул киши да өмүр бою милицияда иштеген. 7-башкармалыкта 1,5 жыл иштедим. Бул жактын ишмердүүлүгү бүгүнкү күндө да мамлекеттик купуя сыр. Кабыл алыш үчүн эле мени бир ай текшеришти. Кызматкерлер Бишкекти коён жатагына чейин билиши керек. Анда азыркыдай локация деген нерсе жок болчу. Ошондуктан борбор калаанын көпчүлүк көчөлөрүнүн кандай жайгашканын жөө-жалаңдап үйрөнгөнбүз. Ошол учурда Бишкектин эң татаал району Жумушчу шаарчасы (Рабочий городок — ред.) болчу. Көчөлөрүнөн башың адашат, картасын бир жума жөө жүрүп чийгем. Муну менен эс-тутумумду байыттым. Натыйжада сынактан ийгиликтүү өттүм. 7-башкармалыктан кийин жаңы ачылган салык полициясында бир жыл иштедим. Кайрадан Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын ыкчам издөө бөлүмүнө орноштум. Бул бөлүм чөнтөкчүлөр жана алтынды мыйзамсыз сатууга күрөшүү боюнча адистешкен болчу. Мен төрт кызматкерден турган тайпага жетекчи болуп дайындалгам. Биз көбүнчө чөнтөкчүлөрдү кармоо боюнча иш жүргүздүк.

Башкармалыкта иштеп жүргөндө алгачкы устатым майор Сагын Исмаилов болду. Мен ал учурда ага лейтенант элем. Негизи оперативдик жумуш чыгармачыл иш. Исмаилов кылмышкерлердин кулк-мүнөзүн талдоону үйрөттү. Оперативдик кызматкер артист болуш керек. Мындайча айтканда, милиция менен кылмыш дүйнөсүнүн ортосундагы тирешүү — эл билбеген жабык театр. Кимиси мыкты өнөр көрсөтөт деп көшөгөнүн артында эки тараптын күйөрмандары акмалап отурат.

— Биринчи кылмышкерди кармаганыңыз эсиңиздеби?

— Албетте. 1990-жылдары компьютер көп колдонулчу эмес, чөнтөкчүлөр жана форточниктер (ууруга терезе аркылуу киргендер — ред.) тууралуу алфавит түрүндө сүрөттөрү менен тизилген чоң картотека бар болчу. Алар бою кичинекей жана арыкчырай келип, жанында сөзсүз олбурлуу жандоочтору болот. Бул кылмышкерлер да "чыгармачыл" адамдар (күлөт). Бир айда бир рейд жүргүзүп, кармалган кылмышкерлердин манжа изин экспертиза бөлүмүндө кагазга түшүрүп алчубуз. Ал кезде чөнтөкчүлөр Совет көчөсүнөн (азыркы Абдрахманов) ылдый "Дордой" базарына кеткен троллейбустар менен автобустарда элдин чөнтөгүнөн капчыктарды уурдашчу. Булардын иши саат 08.00дөн баштап 12ге чейин эл "Дордойго" баратканда, андан кийин саат 16.00дө кайра кайтканда "жакшы" жүрчү. Биз аларды коомдук транспортто далили менен кармаганга аракет кылчубуз. Кылмышкерлер бизди өңүбүздөн таанып калгандыктан, тез-тез кийим которуп, ар түрдүү ыкмаларды колдончубуз. Бир сөз менен айтканда, фантазияңды өрчүтүш керек.

Галкин деген чөнтөкчү Совет көчөсүнөн ылдый 4-троллейбуста кетип бара жатканын көрдүм. Картотекадан эсимде калыптыр. Аты эсимде жок. Буга чейин үч ирет соттолгон. Аркасынан кууп кийинки аялдамадан түштүм, тургундун чөнтөгүнөн капчыгын уурдап жаткан учурда кармадым. Эл да мага көмөк көрсөттү. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына күбөлөр менен чогуу ээрчитип келдим. Күбөлөр кылмышын айтышты, алардын көзүнчө Галкиндин чөнтөгүнөн капчыкты алып чыктым. Андан кийин баары катталып, ага кылмыш иши козголду. Биринчи кылмышкеримди ушинтип кармагам.

Ушул башкармалыкта иштеп жүргөн учурда агентура менен иштегенди үйрөндүм. Себеби оперативдик жумуштун бирден-бир негизин тыңчылар түзөт. Кылмышты иликтөө башкармалыгынын автоунааларды уурдоо боюнча бөлүмүндө иштеген маалда бир кызык окуя болгон. Тыңчым мага баңгизат чеккендер автоунаалардан автомагнитола уурдайт деген маалымат берди. Пригородное айылынан дагы бир кызматкер болуп үч кылмышкерди бир кап автомагнитола менен кармаганбыз. Муну менен 24 кылмыштын бети ачылган. Айрым көркөм тасмаларда милиция кызматкерлери кылмышкерлерди сабап кылмышын мойнуна алдырганын көрсөтүшөт. Айласыздан күлөсүң. Жасаган кылмышын факты менен далилдеп берсең гана мойнуна алат. Эгерде жасабаган кылмышты мойнуна алдырсаң, соттон ал баары бир көрсөтмөдөн баш тартат. Натыйжада өзүң соттолосуң.

Сотрудники ОМОНа прибывшие в город Ош для работы во время межнационального конфликта
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов Киргизской ССР
Мукашев: жасаган кылмышын факты менен далилдеп берсең гана мойнуна алат. Эгерде жасабаган кылмышты мойнуна алдырсаң, соттон ал баары бир көрсөтмөдөн баш тартат. Натыйжада өзүң соттолосуң

— 1990-жылдардын ортосунда ИИМде бандитизм жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалык түзүлүп, анда да иштеген экенсиз?

— 1996-жылы 26-сентябрда түзүлгөн башкармалыкка полковник Шейшен Байзаков жетекчи болду. Ошол учурда мен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында "Бүркүт" оперативдик тобунда иштечүмүн. Жаңы башкармалыктын баңгизатты сатуу жана күрөшүү бөлүмүнө орноштум. Андан кийин оор кылмыштарды ачуу боюнча бөлүмгө которулдум. Жетекчиси майор Калыбек Качкыналиев болчу. Майор Акылбек Мухаммедов кылмышкерлерди тузакка түшүрүүнүн ыкмаларын көрсөттү. Ал эми Шейшенбек Калыбекович кылмыштуулукка каршы күрөштө кандай план түзүүнү үйрөтүп бизге жол көрсөтүп турду. 1997-жылы Омск калаасындагы Жогорку милиция мектебинде бир ай тажрыйбадан өтүп, баңгизатты сатууга каршы күрөшүү ыкмаларын үйрөндүк.

— Кылмышкерлер менен бетме-бет жолугуп кармашкан учурлар болдубу?

— Ооба, көп эле болгон. Мисалы, 1996-жылы 16-январда түнкү саат 12.00дө Сокулуктан энеси менен баласы арыз жазды. Энесинин аты Любовь Егоровна, баласынын ысымы Михаил болчу. Төрт бейтааныш жигит өздөрүн милициянын кызматкерлерибиз деп тааныштырып, жеңил автоунаанын төрт дөңгөлөгүн уурдагансың деген шылтоо менен камакка алабыз дешет. 2000 доллар берсе, ишти жаап саларын айтышат. Акчаны "Миң түркүн" дүкөнүнүн маңдайынан бересиң дешет. Эртеси болжошкон жерге мен, майор Марат Шыйкымбаев жана төрт кызматкер болуп бардык. Кылмышкерлер БМВ-525 маркасында жеңил автоунаа менен келишти. Михаилди көздөй басканын кармагыла дедим да автоунаанын ачык терезесин көрүп, ачкычты сууруп алам деген ой менен аны көздөй бардым. Ачкычты ала турган болуп оң колумду салсам айдоочу терезени көтөрүп, оң чыканагым кысылып калды. "Токто" дегенге карабай, Огонбаев көчөсүн айланып Иваницинден ылдый Чоң Чүй каналына чейин сүйрөштү. Бирде автоунаа менен кошо чуркасам, бирде жылгаяк тебем. Шыйкымбаев менен башка кызматкерлер "Жигули" менен аркабыздан кууп келе жатышты. Алдыбыздан "КамАЗ" чыкканда ичээр суум түгөндү окшойт деп ойлодум. Кылмышкерлер болсо андан качып, ары-бери буйташканда, терезеси сынып, жерге кулап түштүм. Кесиптештерим кылмышкерлерди эски автовокзалды көздөй кууп кетишти. Бут кийимим асфальтка сүрүлүп, бармактарым чыгып калыптыр. Аны да байкабаптырмын. Жаныма бир киши токтоду. Автоунаага түшкөндө оң колум көтөрүлбөй, колтугуман кан ага баштады. Ал мени ИИМдин бейтапканасына жеткизип, дарыгерлер абалымды көрүп жатканда эс-учумду жоготтум. Тез жардам микрохирургия бөлүмүнө алып барды, алар операция жасаш керек дешти. Мен баш тарттым. Бир тууган жездем белгилүү травматолог Сатынды Кожоакматовго колумду көрсөттүм. Ал манжаларымды ийне менен сайгылап, нерв кысылып калган, акырындык менен колуң калыбына келет деди. Ошентип операциясы жок эле, жездем айткандай, оң колум калыбына келди. Эртеси спидометр менен өлчөп, кылмышкерлер мени 3,5 чакырым сүйрөгөнүн билдик. Көчөдө майда-чүйдө саткандардан "кечээ ушундай автоунаа менен милициянын кызматкерин сүйрөгөнүн көрдүңөрбү?" деп сураса, "көркөм тасма тартылып жаткан окшойт, автоунаа каскадёрду сүйрөп бара жатканын көргөнбүз" дешиптир. Чогуу иштегендер "сен каскадёр турбайсыңбы" деп күлүшкөн.

Полковник в отставке МВД КР Аскар Мукашев в пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Мукашев: көчөдө майда-чүйдө саткандардан "кечээ ушундай автоунаа менен милициянын кызматкерин сүйрөгөнүн көрдүңөрбү?" деп сураса, "көркөм тасма тартылып жаткан окшойт, автоунаа каскадёрду сүйрөп бара жатканын көргөнбүз" дешиптир

— Жабыркаган үй-бүлө кийин сиз менен жолуктубу?

— Ооба, келип алкышын айтышты. Кийин апасы тоогу менен каймагын, жүндөн токуган байпагын алып келип катташып жүрдү. Бул окуя тууралуу басылмалар да жазып чыккан.

— 2000-жылы Баткен согушуна да катышкан турбайсызбы?

— Ооба. 1999-жылы жайында Баткен коогалаңы башталганда согушка катышабыз деп өз ыктыярыбыз менен рапорт жазганбыз. Биз резервде турдук. 2000-жылы экинчи ирет согуш башталганда кайрадан рапорт жаздык. Полковник Байзаков ИИМдин ар кайсы бөлүктөрүнөн куралган отряд түздү. Баткен аймагына баргандан кийин Арка, Лейлек жана Кадамжай райондоруна бөлүндүк. Биз Лейлек районунан баштап Тажикстандын Ленинабад (азыркы Согди) облусунун ичинде согушкерлер жөнүндө стратегиялык багыттагы маалымат топтодук. Коргоо министрлигинин аскердик чалгын кызматы менен эриш-аркак иштештик. 100 маалымат чогултсак, анын ичинен иргелип 4 же 5 маалымат так болуп чыгат. 7-башкармалыкта иштеген тажрыйбам абдан жардам берди. Азыркы күндө да бул согушта биз жүргүзгөн ишмердүүлүк мамлекеттик купуя сыр.

Полковник в отставке МВД КР Аскар Мукашев в пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Мукашев: 7-башкармалыкта иштеген тажрыйбам абдан жардам берди. Азыркы күндө да бул согушта биз жүргүзгөн ишмердүүлүк мамлекеттик купуя сыр

— Чүй облустук ички иштер башкармалыгында экстремизм, терроризм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча бөлүмдө иштеген экенсиз?

— Египет жана Кытайга окууга барып, алардын тажрыйбасын үйрөнгөнбүз. Кезинде, өзгөчө "Хизбут-Тахрир" террордук уюмунун үгүтүн талдаган учурда абдан жакшы жардам берди. Бул уюмдун пропагандасы мамлекеттин бүтүндүгүнө чоң коркунуч туудурат. Идеологиясы — терактысы жок эле акырындык менен тарапкерлердин санын көбөйтүп, мамлекеттик бийликти басып алуу. 2014-жылы ушул уюмдун агитациясына Кара-Балта шаарынын айрым жаш кыздары кирип, Сирия жана Иракка барып, "ДАИШке"* кошулушкан. Энелери издеп барып, ал уюмга мүчө болгонун көргөнбүз. Бүгүнкү күндө да көпчүлүгүнүн тагдыры белгисиз. Ошондуктан бийлик элдин социалдык-экономикалык жашоосун оңдоо менен мамлекеттик идеологияны түптөшү абдан зарыл. Коомчулук ушул жаатта бийликке көмөк көрсөтүшү керек. Бул багытта сегиз жыл иштедим. 2016-жылы сентябрда ардактуу эс алууга полковник наамында чыктым. Жубайым Гүлнур Мукашева экөөбүз бир кыз, эки уул тарбияладык. Менин жолумду улап агамдын баласы Самат Мухтаров милицияда иштеп жатат.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюм

585
Белгилер:
милиция, Кыргызстан, Ички иштер министрлиги, майрам, Аскар Мукашев
Тема боюнча
Тарыхтагы кара так. Баткен согушуна катышкандарды сыйлаган Акаевдин видеосу
"Биз — жан кечтибиз". Кыргызстандын аскер чалгынчыларынын бааланбай калган эмгеги
Бишкектин Биринчи май районуна караштуу Эне жана баланы коргоо боюнча бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова

Кыргызстандагы вакциналар "омикронго" каршы эффективдүүбү? Адистин жообу