20 сомдук купюра аукционго өзүнөн 470 эсе кымбат коюлду

© Sputnik20 сомдук купюра. Архив
20 сомдук купюра. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2021
Жазылуу
2002-жылкы банкноттун өзгөчөлүктөрү нумизматтарды абдан кызыктырган. Буга байланыштуу анын наркы кымбат болууда.
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын 20 сомдук купюрасы eBay интернет-аукционуна сатыкка коюлду. Ал 2002-жылы чыгарылган үчүнчү сериядагы акча болуп саналат.
Анын баштапкы наркы 111 доллар (9 миң 420 сом) деп бааланууда. Банкнот BE 0000000 сериясына таандык, бирок ага "Үлгү" деген мөөр басылган эмес.
Буга чейин Улуттук банктан Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиргендей, сериялык номерлери жети нөлдөн турган банкноттор көргөзмө катары саналып, төлөм каражаты болуп саналбайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0