Дөңгөлөктү кантип көпкө чейин пайдаланыш керек. Кеңештер

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүДөңгөлөк. Архив
Дөңгөлөк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2021
Жазылуу
Эгерде дисктен чечилген дөңгөлөк бир жерде көп убакытка чейин асылып турса же жатса, баары бир деформация болот.
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Дөңгөлөктү кантип көпкө чейин пайдаланыш керектигин Sputnik радиосунун обосунда Россиянын улуттук автомобиль союзунун вице-президенти Антон Шапарин айтып берген.
Эксперт автонуааны бир калыпта айдап, андан сырткары, жулкунтпай, акырындык менен токтотуу керектигине кеңеш берген. Эгерде протектор көп айдалгандыктан желип калса, алмаштырып салгандан артыгы жок.
"Дөңгөлөктү (ширетип) кайра калыбына келтирүү болбогон нерсе. Себеби ал резиналар шина индустриясында колдонулбашы да мүмкүн, айдап баратканда жолго, асфальтка тиешелүү түрдө тийип, тапталып жүрбөшү мүмкүн. Кээ бир "кыйындар" кесип, пртектокторду оюп тереңдетишет. Муну да жасабаш керек, себеби дөңгөлөк өзүнүн милдетин аткара албай, жөндөмүн жоготот. Таш же кандайдыр бир нерсе катуу келип тийгенде жарылып кетиши мүмкүн. Бул тобокелдикти гана арттырат", — деген автоэксперт.
Автоунаага газ куюу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Бензинди кантип үнөмдөсө болот. Адистин кеңеши
Жүрүп бараткан автокөлүктүн дөңгөлөгү жарылып кеткен учурду элестетип көрүңүз, андыктан үнөмдөйм деп кооптуулукка кабылгандан көрө жакшысын сатып алып, тынч жүргөндөн өтөрү жок.
Шинаны сатып аларда анын чыккан жылын карап коюш керек, колдон келсе үч жылдан беркисин алган жакшы.
"Дөңгөлөктүн кантип сакталганына да көңүл буруу маанилүү: эгерде туура эмес туруп калса, эки жагынан билинер-билинбес жарылып, дагы башка жактарына зыяны тийген болот. Жол менен жүргөн бетинин бирдей желгенине да көз салуу зарыл. Бир жагы аз, бир жагы көбүрөөк жешилсе, ал да оң эместиктен кабар берет.
"Жамалган же бир жери томпоюп чыгып калгандардан (адатта аны "грыжа" деп аташат), такыр эле алыс болуңуз. Ал бир күнү баары бир жарылат. Эгерде дисктен чечилген дөңгөлөк бир жерде көп убакытка чейин асылып турса же жатса, баары бир деформация болот. Андыктан аны тикесинен тургузуп же бир түркүк же башка нерсеге жөлөп коюш керек", — деди Шапарин.
Sputnik буга чейин колдонулган дөңгөлөк алып жаткандардын кулагына күмүш сырга катары 5 кеңеш берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0