ИИМ: уурулар көбүнчө малын кароосуз калтыргандардыкын айдап кетип жатат

Уйлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2021
Жазылуу
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, уурулуктун көбөйүшүнө жарандардын малды кароосуз калтырып койгону да себеп болуп жатат.
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Ушул жылдын тогуз айында милиция кызматкерлери мал уурулук боюнча 1200гө чукул материалды каттап, анын 900дөн көбүнүн бетин ачты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, январдан сентябрга чейин 2 500дөн ашык бодо мал уурдалган. Алардын көбү майда жандыктар, андан кийин бодо мал менен жылкылар.
Министрлик жарандарга сак болууну эскерткени менен мал уурдаткандар токтобой жатканын айтты. Буга жарандардын малды кароосуз калтырып койгону да себеп болуп жатканы белгиленди.
"Жайлоого же кезүүгө айдаган малды "үйгө өзү кайтып келет" деп издешпейт. Анан уурулар оңой эле айдап кетет. Ошондой эле короо-жайын илбегендер, жакшы жаппагандар же сарайын бекемдебегендер бар. Уурулар көбүнчө малды түн ичинде алып кетет. Мындан сырткары, уурдалган малдын этин базарга сатуу да оңой болууда", — деп жазылган маалыматта.
Министрлик ушул жылы мал уурдоо боюнча адистешкен 87 кылмыштуу топтун аракеттерине бөгөт коюлганын кошумчалады.
ИИМ жарандарга малын жакшы карап, сарайларды бекемдеп, эшиктерине кулпу салууну сунуштады.
Жаңылыктар түрмөгү
0