Сот бүтүп, карыздар төлөндү. Министр Тарых музейи качан ачыларын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековТарых музейи. Архив
Тарых музейи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2021
Жазылуу
Министрдин айтымында, тергөө жана сот иштери бүтүп, германиялык компанияга болгон 225 миң евро карыз төлөнүп берилди.
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейи жаңы жылга чейин ачылат. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов парламентте билдирди.
Анын айтымында, реконструкциялоо ишин аткарган германиялык компания менен келишимде көрсөтүлгөн каражаттын баары төлөнүп бүттү.
"Тарых музейи боюнча кылмыш иши ачылганда укук коргоо органдары германиялык компанияга 225 миң еврону иш бүткөнчө которууга тыюу салган. Тергөө жүрдү, сот дагы бүттү. Эми убакыт келип немец компаниясына карыз төлөнүп берилди. Алардын адистери 28-ноябрда келет, мультимедиалык системаларын ишке киргизебиз. Буюрса, жаңы жылга чейин ачабыз деп турабыз", — деди Жаманкулов.
Реконструкцияланган тарых музейинин таржымалы
Эске салсак, Мамлекеттик тарых музейин оңдоо 2016-жылы 25-мартта башталган. Иштери аяктап калганда, 2018-жылдын май айында, музейди реконструкциялоодо сатып алынган эмеректердин кымбат баада сатып алынганы ачыкталган. УКМК Тарых музейин реконструкциялоого кеткен бюджеттик каражат боюнча териштирүү баштап, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.
Бул ишке катыштыгы бар делген Сапар Исаковго карата Жогорку сот Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромдун реконструкциясы боюнча чыккан өкүмдү жокко чыгарды. Иш кайра кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү.
Мыкты экен! Бийлик ойлоп табуучулардын үйүн ачты. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2021
Мыкты экен! Бийлик ойлоп табуучулардын "үйүн" ачты. Видео
Музей жетекчиси сот иштеринен сырткары маданий жайдын ачылбай жаткандыгына башкы буюртмачы менен аткаруучу компаниянын ортосундагы каржы маселеси да себеп экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине буга чейин айткан.
Анда музейди реконструкциялоо иштери толугу менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жүктөлгөнү, алар маданий жайдын ичин жасап, оңдоо иштерине немец компаниясын дагы тартып, ортодо чет өлкөлүк компанияга 19 миллион сомдун тегерегинде карыз болуп калганы маалымдалган. Карызды төлөмөйүн чет элдик компания музейдин ичиндеги мультимедиалык жабдуулардын паролу менен ачкычын бербей турганын айтышкан. Белгилей кетсек, маданий жайдын ичинде жалаң мультимедиалык жабдуулар коюлган.
Жаңылыктар түрмөгү
0