Күн ачылабы? Дем алышка карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкекте кар жааган учуруда адам. Архив
Бишкекте кар жааган учуруда адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2021
Жазылуу
Абанын температурасы айрым жерлерде гана көтөрүлбөсө, Нарын, Ысык-Көл облустарында суук болору божомолдонду.
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет ушул аптанын дем алыш күндөрүнө карата аба ырайынын божомолун жарыялады.
Билдирмеге караганда, апта аягында жаан-чачын күтүлбөйт, бирок күн суугураак болот.

Бишкек шаары

Ордо калаада апта этегинде жаан жаабайт. Абанын температурасы 6-ноябрда күндүз 1…3 градус, 7-ноябрда 4…6 градус жылыйт.

Чүй облусу

Чүй облусунда аптанын акыркы эки күнү жаан, кар жаабайт. Бирок абанын температурасы төмөн болот. 6-ноябрда күндүз -2…+3 градусту көрсөтсө, күндүз 1…6 градус жылуу болушу ыктымал.

Талас облусу

Таласта дагы жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 5…7 градуска жылыйт.
Күз бүтө электе ак карга оронгон Бишкек. Ордо калаанын асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2021
Күз бүтө электе ак карга оронгон Бишкек. Ордо калаанын асмандан көрүнүшү
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
Түштүк аймактарда дагы жаан-чачын, кар жаашы күтүлбөйт. Күндүз болжол менен 10…12 градус жылуу болсо, түнкүсүн абанын температурасы 1...3 градуска түшөт.

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көлдө дем алыш күндөрү жаан жаабайт. Абанын температурасы деле жогорулабайт, күндүз 1…6 градус жылышы ыктымал. Ал эми түнкүсүн суук болуп, -2…-7 градуска жетет.

Нарын облусу

Тоолуу аймакта да күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок абанын температурасы түнкүсүн -5…-10 градуска чейин муздайт. Күндүз -4…+1 градус болушу мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0