Түнкү нөөмөттүк жумуш да инсультка кептеши ыктымал. Дарттын белгилери

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүНөөмөттө отурган милиция кызматкери. Архив
Нөөмөттө отурган милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Жазылуу
Медик туура тамактанып, ар дайым кыймылда жүргөн адамга инсульт көп жабыша бербесин айтып, ооруну алдын алуу үчүн майлуу тамакты азыраак жеп, көбүрөөк басып, дарыгерге көрүнүп турууну сунуштаган.
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Улуттук госпиталдын № 3 неврология бөлүмүнүн неврологу Дариха Бакаева Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берип, инсульттун негизги белгилерин санап, дартты алдын алуу жолдорун түшүндүрдү.
© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук госпиталдын № 3 неврология бөлүмүнүн неврологу Дариха Бакаева
Врач-невролог Национального госпиталя КР Дариха Бакаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Улуттук госпиталдын № 3 неврология бөлүмүнүн неврологу Дариха Бакаева
Медик инсульт жашарып жатканына токтолуп, буга миграция, туура эмес тамактануу, стресс себеп болорун белгилеген.
"Инсультка тамеки чегүү, спирт ичимдигин, баңгизат пайдалануу, аз кыймыл, семирүү жана туура эмес тамактануу да алып келет. Мунун баары холестериндин топтолушуна, жүрөк ооруларына, гипертонияга жана акыры инсультка кептейт. Энергетик ичимдиктердин да зыяны күч. Ошондой эле туура эмес жашоо образын кечирип түнү менен клубдарда ойноп же түнкү нөөмөттө иштегендер бар", — деди адис.
Ал инсульттун негизги белгилерин да санап берген.
Дарыгер иш учурунда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2021
Кардиологго токтоосуз кайрылуу керектигинен кабар берген белгилер
"Азыркы учурда "сокку" же орусча "удар" деген баракчалар коомдук жайларда илинип, элге массалык маалымат каражаттары аркылуу жеткирилип жатат. Мисалы, "сокку" дегенди чечмелесек, адам инсультка чалдыкканда биринчи "с" — сүйлөөсү бузулат, "о" — оозу кыйшаят, анан "кк" — кол кыймылдабай калат, ал эми "у" дегени — бул убакыт. Инсульт алган жаранга тез арада жардам чакырып, ооруканага ылдам алып барсак сактап калуу мүмкүнчүлүгү жогору. Үч-төрт сааттын ичинде бейтапка жардам көрсөтүлсө кесепети анчалык оор болбойт", — деген дарыгер.
Бакаева туура тамактанып, ар дайым кыймылда жүргөн адамга бул дарт көп жабыша бербесин айтып, ооруну алдын алуу үчүн майлуу тамакты азыраак жеп, көбүрөөк басып, дарыгерге көрүнүп турууну сунуштаган.
Маекти толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуй аласыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0