Эмделген киши коронавирусту беш эсе жеңил көтөрөт. Изилдөө

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүКоронавируска каршы эмдөө. Архив
Коронавируска каршы эмдөө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Жазылуу
Изилдөөнү Американын жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору жүргүзүп, ага жети миңден ашуун киши катышкан.
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Вакцина алгандар коронавирус жуктургандарга караганда ооруну беш эсе жеңил көтөрөт. Бул тууралуу АКШнын окумуштуулары билдиргенин "Лайфхакер" жазды.
Изилдөөнү Американын жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору жүргүзгөн. Натыйжада коронавирус менен ооруп айыгып, иммунитетим бар дегендердин эмдөөдөн өткөндөргө салыштырмалуу кайрадан илдетке тушугуп, стационардык жардам алуу тобокелдиги жогору экенин айткан.
Бет кап тагынган кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2021
Вакцина алган энелердин карынында жаткан балдардан антитело табылды
Окумуштуулар COVID инфекциясынын симптомдору бар 7 348 адамдын маалыматтарын изилдешкен. Алардын 1020сы вакцина албагандар, бирок ооруп айыккандар, ал эми 6328и эмдөөнүн толук дозасын алып, мурда такыр оорубагандар болгон. Коронавирусту чакырган SARS-CoV-2 вирусу биринчи топтон 89 кишиден (1020 адамдын 8,7 пайызы), экинчи топтон 324 эле адамдан (6328 кишинин 5,1 пайызы) аныкталган.
Окумуштуулар адамдын организми инфекция менен күрөшүп жатканда иммундук система оорунун козгогучун тааныганды үйрөнүп, кийин кайра жукканда жооп кайтарарын белгилеген. Ошондуктан кээ бир адамдар кайра оорубайт же жеңил формада өткөрөт. Бирок ар кимдин иммунитети ар башка жана коронавирусту оорлошуп кетүүсүн алдын алат деген кепилдик жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0