Ошто студенттерди үгүт ишине мажбурлап алып келген мугалимге айып тагылды

© Sputnik / Табылды КадырбековҮгүт жүргүзүп жаткан адам. Архив
Үгүт жүргүзүп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Жазылуу
Административдик ресурс колдонуу фактысы боюнча Ош шаардык милициясына сегиз мугалим, 15 студент сурак берген.
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Ош шаарында парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын биринин үгүт акциясына студенттерди мажбурлап алып келүү иши боюнча тергөө бүтүп, материалдар сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош мамлекеттик университетинин студенттерин мугалимдери административдик ресурс колдонуу менен мажбурлап, 3-ноябрда борбордук аянтта өткөн партиянын үгүт акциясына алып келгени туурасында ЖМКларга сүрөт, видеолор чыккан.
"Маалыматты тактоо үчүн Ош шаардык милициясына сегиз мугалим, 15 студент сурак берди. Студенттердин көбү 18 жашка чыга электиги белгилүү болду. Алар берген көрсөтмөсүндө мугалимдер экскурсияга деген жүйө менен борбордук аянтта өтүп жаткан партиянын тарапташтарынын митингине алып келгенин айтышты. Муну менен административдик ресурс колдонулган", — деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Жоруктар кодексинин 87-беренеси (“Административдик ресурс колдонуу”) менен сотко чейинки териштирүү жүргүзүлүп, бир мугалимге кабарлама берилди.
Учурда тергөө бүтүп, андан ары кароо үчүн материалдар сотко жөнөтүлгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0