Көз каранды эмес, калыс ой жүгүрткөн журналисттер көп болсун! Жапаровдун куттуктоосу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБольшая пресс-конференция президента Садыра Жапарова
Большая пресс-конференция президента Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2021
Жазылуу
Президент басма сөздүн кызматкерлери өлкөнүн эркиндигин, демократиялуулугун жана ачык-айкындыгын чыңдоого салым кошуп келе жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Анда Жапаров бул тармак жашоонун ажырагыс бөлүгүнө айланып калганын айтып, журналисттердин коомду агартуудагы ролу артканын белгилеген.
"Ата-бабаларыбыз "Айтылган сөз – атылган ок" деп таамай белгилегендей, кыргыз эли үчүн айтылган ар бир сөздүн салмагы, мааниси, таасири өзгөчө. Ал бүгүнкү күндө дагы өз касиетин жоготпой күчүндө турат. Бийлик менен элди маалымат айдыңында байланыштырып, көпүрөлүк милдетти аркалаган басма сөз кызматкерлери өлкөбүздүн эркиндигин, демократиялуулугун жана ачык-айкындыгын чыңдоого салым кошуп келе жатышат. Баарыбыздын изги тилегибиз – Кыргызстанды өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошуу. Өлкөнү эл аралык коомчулукка таанытуу, аброюн көтөрүү, мамлекетибиздин жетишкендиктери менен ийгиликтерин дүйнө жүзүнө жеткирүүдө ЖМК өкүлдөрү бийик жоопкерчилик менен иш алып барат деген бекем ишеничтемин", — деп жазылган куттуктоодо.
Президент көз каранды эмес ой жүгүрткөн, калыс журналисттер көп болушун жана ЖМК өкүлдөрүнө бекем ден соолук, үй-бүлөсүнө бакубат жашоо каалаган. 
Жаңылыктар түрмөгү
0