Гастриттен жапа чеккендерге пайдалуу болчу азыктар туурасында адис айтып берди

© Фото / pexels / Andrea PiacquadioПредупреждение болезни желудка
Предупреждение болезни желудка  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2021
Жазылуу
Дарыгер курамында углевод көп суусундук, тамак-ашты кант диабети менен ооругандарды абайлап колдонуу керектигин эскертет.
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Ашказанда жарасы бар же гастриттен жапа чеккендер үчүн жемиштен жасалган суусундук жана кадимки кисель пайдалуу азык деп эсептелет. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги диетолог Татьяна Иванниковага шилтеме кылып жазып чыкты.
Адис мындай азыктануу организм үчүн сиңимдүү жана калориялуу боло турганын айтат.
"Мөмө-жемиштерден жасалган суусундук ашказанында жарасы бар же гастрит болуп ооругангандарга пайдалуу. Ал ичегинин микрофлоросуна жакшы таасир этет, пайдалуу бактериялардын көбөйүшүнө шарт түзөт. Дагы бир азык - кадимки эле кисель. Анун курамындагы крахмал кандагы холестериндин деңгээлин төмөндөтүүгө жардамдашат. Муну менен атеросклероз, жүрөк жана кан тамыр ооруларынын тобокелчилигин азайтат", — деди Иванникова.
Ошол эле маалда дарыгер курамында углеводу көп  суусундукту жана тамак-ашты кант диабети барлар абайлап колдонушу керектигин эскерткен. 
Жаңылыктар түрмөгү
0