Тердетет, баш айланат... Уйку бездеги залалдуу шишиктин белгилери

© Фото / Pexels / SHVETS productionСимптомы болезней
Симптомы болезней  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2021
Жазылуу
Уйку безде залалдуу шишик пайда болгон адам себепсиз салмак таштап, тамакка табити тартпай, канында канттын деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн экени айтылды.
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Cancer Research UK кайрымдуулук уюму уйку бездеги рактан кабар берген негизги белгилерди атаганын РИА Новости Express басылмасына таянып кабарлады. 
Адистер бул дарт башында билинбей жүрө берип, шишик чоңоюп жайыла баштаганда гана белги берерин белгилеген.
"Уйку бездин клеткаларындагы шишик канда инсулиндин деңгээлине таасир этип, жыйынтыгында ал тердөө, кыжаалат болуу, баш айлануу белгилерин бериши ыктымал. Айрым учурда бул дартка чалдыккан адам эс-учун жоготуп жыгылышы мүмкүн", — деген дарыгерлер.
Аял ичин кармап жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2021
Басылбаган жөтөл, ич өтүү. Рактын анча аңдабаган баштапкы белгилери аталды
Мындан сырткары, уйку бези рак болгон адам себепсиз салмак таштап, тамакка табити тартпай, канында канттын деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн экени айтылды.
Маалым болгондой, медиктер адамдардын уйку безинде шишик эмнеден келип чыгарын так билишпейт. Бирок жаш курак (75 жаштан жогору) жана панкреатит аталган оорунун өрчүп кетүү тобокелчилигин жогорулата турганы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0