Русский дом уюму Жалал-Абаддагы 12 мектепке окуу китептерин тапшырды

© Фото / Российский центр науки и культурыРусский дом уюму тарабынан Жалал-Абаддагы мектептерге окуу китептерин берди
Русский дом уюму тарабынан Жалал-Абаддагы мектептерге окуу китептерин берди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2021
Жазылуу
Мектептерге жалпысынан ар кандай предметтер боюнча Россияда басылган 700 окуу куралы берилгени айтылды.
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Россиянын илим жана маданият борборунун Ош шаарындагы Русский дом бөлүмү Жалал-Абад облусундагы 12 билим берүү мекемесине методикалык колдонмо жана окуу китептерин тапшырды. Бул туурасында аталган уюмдан билдиришти.
Китептерди Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Нефедов жана Русский домдун маданият жана билим берүү программасынын куратору Елена Куканбаева тапшырган.
© Фото / Российский центр науки и культурыРоссиянын илим жана маданият борборунун Ош шаарындагы Русский дом бөлүмү Жалал-Абад облусундагы 12 билим берүү мекемесине методикалык колдонмо жана окуу китептерин тапшырды
Передача учебников школам КР Русский домом в Оше - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Россиянын илим жана маданият борборунун Ош шаарындагы Русский дом бөлүмү Жалал-Абад облусундагы 12 билим берүү мекемесине методикалык колдонмо жана окуу китептерин тапшырды
Аталган иш-чара Жалал-Абад шаарындагы "Славян диаспорасы" ассоциациясында орус тили кабинетинин ачылышына жана Элдик биримдик күнүн майрамдоого арналган.
Мектептерге жалпысынан ар кандай предметтер боюнча Россияда басылган 700 окуу куралы берилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0