Жапаров эмне себептен көмүр көйгөйү жаралганын айтып берди

© Фото / пресс-служба Кабинета министров КР"Кара-Кече" көмүр кени
Кара-Кече көмүр кени - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2021
Жазылуу
Буга чейин КРде көмүрдүн баасын мамлекет убактылуу жөнгө салып турмай болгон. Бул чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу, 2021-2022-жылдагы күз-кыш мезгилинен өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. “Кыргыз көмүр” ишканасында жайы менен саботаж болгон, ал азыр деле уланууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров коомдо катуу талкуу жаратып жаткан көмүр маселеси боюнча Facebook баракчасы аркылуу түшүндүрмө берип жатып айтты.
Ошондой эле президент бул саботажга коррупцияны жок кылуу аракеттери себеп болуп жатканын кошумчалап, шылуундук иштер кандай жол менен ишке ашарын айтып берди.
“Мисалы, Кара-Кечеден Балыкчыдагы көмүр кампага машинанын номери менен кагаз эле келет экен. Мөөр басылып, кабыл алынды болот. Чындыгында ал көмүрлөр кагаз жүзүндө гана калат. Кийин алардын ордун толтуруу үчүн Балыкчыдагы кампадан кум аралаштырып жиберишет. Ошентип ТЭЦ кум аралашкан көмүр жагып жүргөн. Ошол үчүн ушул ишке аралашкан бир нече адамдар камалышты. Кум аралашкан көмүр жагууну токтоттук”, — деди Жапаров.
Добыча угля в провинции Хэйлунцзян - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2021
Бишкекте көмүрдүн баасы 4 500 сомдон ашпаш керек! Ортомчуларга чара көрүлөт
Сөзүнүн аягында тоскоолдуктарга карабай ӨКМдин бардык техникаларын көмүр кендерине жардамга киргизип, көмүр казуу тездетилгенин кошумчалады. Ошондой эле коррупциялашкан иштерди иликтөө уланып жатканын билдирди.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын аймагында көмүрдүн баасын мамлекет убактылуу жөнгө салып турмай болгон. Аталган чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу, 2021-2022-жылдагы күз-кыш мезгилинен өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Жаңылыктар түрмөгү
0