Педиатр тумоолоп калган балага кантип жардам берсе болорун айтты

© Sputnik / Варвара ГертьеБаланын температурасын өлчөө учурунда. Архив
Баланын температурасын өлчөө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2021
Жазылуу
Дарыгердин айтымында, балага дароо дене табын түшүрө турчу дары-дармектерди бербеш керектигин айтат. Алгач суюктук ичирип, кийимин чечип коюу керек. Ошондо дагы ылдыйлабаса гана дары берсе болот. Дозасын педиатрдан сурап алуу сунушталат.
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Балдардын тез жардам клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин дарылоо иштери боюнча орун басары Жамиля Анакеева балада курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциянын (КРВИ) белгилери пайда болгон учурда эмне кылуу керектигин айтып берди.
Sputnik Кыргызстандын эфирине катышкан дарыгер алгач ооруну алдын алуу үчүн үйдү желдетип, баланы туура тамактандыруу керектигин эске салды.
"Илдет күч ала баштаган алгачкы сааттар ичинде бала суусап, көп суусундук ичип, кийин таптакыр оозуна эч нерсе албай калат. Бул учурда жаш организмге суу абдан керек. Андыктан бала уктап калган күндө дагы оозуна шприц менен суу тамчылатып туруу керек. Антпесе каны коюулап кетип, капельница коюуга туура келет", — деди адис.
Отключение света в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2021
Активист: электр жарыгы өчүп, бир жаштагы кыз жандандыруу бөлүмүнө түштү
Анын айтымында, кан коюулап кеткен учурда организмге кычкылтек жетпей, уулуу заттар топтоло берет. Мунун кесепети өтө оор болушу мүмкүн.
Сөзүнүн аягында дарыгер балага дароо дене табын түшүрө турчу дары-дармектерди бербеш керектигин айтат. Алгач суюктук ичирип, кийимин чечип коюу керек. Ошондо дагы ылдыйлабаса гана дары берсе болот. Дозасын педиатрдан сурап алуу сунушталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0