Бишкекте мыйзамсыз курулуштарга каршы күрөш башталды. Айып пулга илинбөөнүн жолу

© пресс-служба мэрии города БишкекМэрия кызматкерлери мыйзамсыз курулушту бузуу учурунда. Архив
Мэрия кызматкерлери мыйзамсыз курулушту бузуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Жазылуу
Ишкерлер административдик жоопкерчиликке тартылбаш үчүн мэриянын бир катар кызматтарына кайрылып, келишим түзүшү керектиги айтылды.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Мэриянын маалымат кызматы Бишкекте кызыл зонадан ашыра мыйзамсыз курулган же орнотулган объектилер аныктала баштаганын эскертип, айып пул төлөбөш үчүн кайсы органга кайрылуу керектигин кабарлады.
Билдирмеге караганда, курулуштун же объектинин ээси административдик жоопкерчиликке тартылбаш үчүн төмөнкү кызматтарга кайрылып, келишим түзүшү керек. Алар:
"Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик ишканасы. Дареги: Чокморов көчөсү, 185. Телефондору: 0312–45–68–09;
Жер ресурстары башкармалыгы. Дареги: Чокморов көчөсү, 246. Телефондору: 0312 45-41-13, e-mail: uzr@meria.kg;
Муниципалдык мүлк башкармалыгы. Дареги: Жибек жолу проспектиси, 495. Телефондору: 0312 67-11-32, e-mail: umi@meria.kg.
Мэрия ишкерлерди жерди колдонуу жана курулуш тармагында эреже бузбоого чакырды.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0