Кыргызстанда сактоодогу үрөндөрдүн коллекциялары жаңыртылат

Буудай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Жазылуу
Генетикалык банктын үрөн фонду — бул ири ботаникалык коллекция болуп саналат. Анда өсүмдүктөрдүн түрлөрү сакталат. Ал ар бир мамлекетте ар башка өзгөчөлүктөргө ээ.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Кыргызстан генетикалык банктын үрөн фондун үч жылда толук жаңылоодон өткөрөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, учурда генетикалык банктын коллекциясында кыргыз, орус, түрк, украин жана немис селекциясынын дан, буурчак жана май өсүмдүктөрүнүн 2 322 үлгүсү жана 23 жаңы сорту бар.
Министр сельского, водного хозяйства и развития регионов Аскарбек Джаныбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Радио
Жаныбеков: фермерликти камсыздандыруу колго алынууда
Маалыматта белгиленгендей, 2021-жылы жазгы айдап себүү боюнча 35 үрөн чарбасы жана 50дөн ашык келишим түзүлгөн. Ошондой эле 50 миллион сомдон ашык суммага жогорку түшүмдүү өсүмдүктөрдүн уруктары берилген.
Мындан сырткары, Өзбекстандан 500 тонна пахта жана 1 000 тонна күздүк буудайдын үрөндөрү алып келинип айдалган. Ал эми Казакстан менен 1000 тонна жогорку түшүмдүү жазгы эгиндерди бекер жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн.
Генетикалык банктын үрөн фонду — бул ири ботаникалык коллекция болуп саналат. Анда өсүмдүктөрдүн түрлөрү сакталат. Ал ар бир мамлекетте ар башка өзгөчөлүктөргө ээ.
Жаңылыктар түрмөгү
0